"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Пандемия спорттук оюндарга өз таасирин тийгизди

21 Октябрь 2021 жыл 18:27
Көрүүлөрдүн саны: 208

Пандемия учурунда бир топ спорттук иш- чаралар өтпөй келди. Республикалык мелдештерге улан-кыздар катышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми оору басаңдай баштагандан бери иш- чаралар жандана баштагандыгы белгилүү болду.


Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр орто мектебинин жетекчиси Анарбек Атыканов:

«Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдешке Тогуз-Тородон 2 бала, 2 кыз катышып, байгелүү орундарга жетишти.

Кыздар арасында 40кг боюнча 1-орунду №13 Жаңыбаева орто мектебинин окуучусу Айнур Дөөлөтбековалар республикалык мелдеште орундарга жетишти

Кыздар арасында 40кг боюнча 1-орунду №13 Жаңыбаева орто мектебинин окуучусу Айнур Дөөлөтбекова, 55кг боюнча 1-орунду №45 кесиптик лицейинин окуучусу Алина Кайырбековалар жетишти.
Ал эми балдар арасында 40кг боюнча 4-орунду №13 Жаңыбаева орто мектебинин окуучусу Султан Атайбеков, 49кг боюнча 6-орунду Т.Мойдунов орто мектебинин Акылбек Уланбек уулу жеңишке жетишти.
Мындан сырткары Ысык-Көл облусуна да барып, жеңишке жетишип келишти.


Отор Чопиев атындагы спорт мектеби тарабынан уюштурулган, өспүрүмдөр арасында «эркин күрөш» боюнча, Отор Чопиевдин жаркын элесине арналган 3-турнири болуп өттү.

Отор Чопиев атындагы спорт мектеби тарабынан уюштурулган иш чарада Тогуз-Торо райондук администрациясынын башчысы- аким Мирлан Карагулов катышып жатат

Турнирге Каргалык айыл өкмөтү 30 миң сом демөөрчүлүк кылды жана Отор Чопиевдин кызы Айпери Чопиева үй- бүлөсү менен райондогу белгилүү аксакал болгон балбандарыбызга ошондой эле окуучуларга сый тамак беришти».


Анара Мааметова