"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Таштанды чыгаруу көйгөйү муниципалитет аралык кызматташтык аркылуу чечилүүдө

21 Октябрь 2021 жыл 20:58
Көрүүлөрдүн саны: 232

Буга чейин Каргалык айыл аймагынын өзүндө да техниканын начар абалынан таштанды чыгаруу кызматын жетиштүү тейлей албай келген.Таштанды чогултуу маселесин чечүү үчүн Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактарына 2миллион 165 миң сомдук трактор жүктөгүч атайын техника грант катары берилди. Бүгүнкү күндө Беларусь-82.1 үлгүсүндөгү трактор салтанаттуу түрдө тапшырылды“Таза-Кызмат” мунициапалдык ишканасында бир техника болуп келген.Ал дагы бузулуп, 2күн иштесе, 3 күн бузулуп, жатканына байланыштуу техникага долбоор жазылган.Азыркы келген техниканын жардамы менен Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймагынын жашоочуларынын таштандыларын чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп берет дейт Таза-Кызмат муниципалдык ишканасынын жетекчиси Берадор Мурзапайызов.

Беларусь-82.1 үлгүсүндөгү трактор, прицеп жана ковшасы менен

“Таза-Кызмат 2014-жылы ачылган ошондон бери алгылыктуу иши жок болуп токтоп калган, 2014 жылы иш башталганда техникасы бар болчу, мен 2020- жылы декабрда жетекчи болуп дайындалып, газ 53 жана газ 52 вышка өткөзүп алгам, экөө тең оң абалда эмес болчу, жеке жак менен сүйлөшүп май айына чейин жеке жак менен иштеп келгенбиз, май айында Тогуз-Торо райондук администрация башчысына кайрылуу жазып  газ 53 казарман фонд тарабынан каржыланып алганбыз».

Каргалык жана Тогуз-Торо айыл башчылары кызматташтык алкагында келишимге кол коюп жатышат

Ленин айылынын жана Казарман айылын толук камсыз кыла албай жатканыбыздан элдер сурана баштаган, техника жетпей жатканынан ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Мунарбек Акматбеков менен биргеликте долбоор жазылып, жактырылып октябрда колго тийди”.

Ленин айылында өткөрүлгөн коомдук угууда «Таза-Кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Берадор Мурзапайызов маалымат берүүдө

“Мурда Ленин айылында тариф сунушталып, коомдук угуу өткөрүлүп, сессияда каралган.Техниканын келиши менен кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, жакынкы айыл аймактарынын айылдарына да кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.Азыркы убакта Казарман айылына жана Ленин айылына кызмат көрсөтөбүз”.

«Таза кызмат» муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу максатында жана муниципалитет аралык кызматташтык келишиминин негизинде Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылына да кызмат көрсөтөт.Бул туурасында Өнүктүрүү саясаты институтунун Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог долбоорунун Тогуз-Торо районундагы аймактык адиси Алтынай Женишова төмөнкүлөрдү билдирди:

Өнүктүрүү саясаты институту аткарган GIZ тарабынан, «Аймактарды өнүктүрүү» программасынын алкагында Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог долбоору тарабынан Беларус 82.1 үлгүсүндөгү трактор ковшасы менен 2 млн 165 миң сомго каржыланып, айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 390 миң сомго өздүк салым катары прицеп алды. Муниципалитет аралык кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюп, Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылына да кызмат көрсөтүү сунушталып, мындай кызматташуу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселесин чечүүдө”.

Сүрөттө: Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Мирлан Карагулов, Тогуз-Торо айыл өкмөт башчысы Улан Көчөрбаев жана Каргалык айыл өкмөт башчысы Эмил Артыкбаевге Муниципалитет журналын Өнүктүрүү саясат институнан келген адис Мирлан Молдобеков тапшырып жатат

Ал эми ушул багытта муниципалитеттер аралык кызматташууга эки тараптуу кол коюп, көйгөйлөрүн биргелешип чечүү үчүн биригип жатканына кубанычтабыз — деп Каргалык жана Тогуз-Торо айыл өкмөт башчылар белгилеп кетишти, техниканы салтанаттуу тапшыруу аземинде.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Анара Мааметова