"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Учурда балдардын ден соолугу кандай?

21 Октябрь 2021 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны: 149

Тогуз-Торо районунда 15-сентябрдан бери балдардын окууга келүүсү, бөбөктөрдүн бала бакчага тартылуусу тууралуу мугалимдердерге, бала бакчанын тарбиячыларына кайрылып көрдүк.


Алгач, “Айзирек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун убактылуу директору Арууке Назарбек кызы төмөнкүлөрдү билдирди:

Балдарды бала бакчага мед айым кабыл алып жатат

«Азыркы учурда балдардын ден соолугу жакшы, балдарды эң негизгиси жакшы маанайда кабыл алабыз, температуралары күнүгө өлчөнүп жазылат, ата энелери менен балдардын жетишкендиктери тууралуу маектешип турабыз, балдарды аба ырайына жараша кийинтүүнү сунуштайбыз. Балдарды ата- энелердей эч ким карабаса керек, ошондуктан ата- энелерге көп деле кеңеш бере бербейбиз.

Күнүгө сабактан кийин балдардын өздөрүнө медайым Гүлмира Абдрахманова 3-5 миң түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Азыр кандай оору жүрүп жатат, оору эмнеден жугат, ата- энеңерди ээрчип тойлорго барбагыла, бирөөнүн оозундагы нерсени албагыла, таза жүргүлө, тырмагыңарды алып, жуунуп таранып келгиле, колду кандай жууш керектиги жөнүндө, күнүгө кеңири маалымат берип турат».

“Бала бакчада мед каражаттардан термометр, маска бар, дары- дармек, антисептик алык каражаттар жок. Оору катталган жок, ата- энелер вакцина алып бүтүп калышты”, -дейт Арууке Назарбек кызы.

Ал эми Т.Сатыбалдиев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жылдыз Кыргызалиева:
“4-класста жалпы 22 окуучу окуп билим алып жатышат. Алардын ичинен 11 кыз,11 эркек бала. Азыркы учурда балдардын окуп билим алуусу абдан жакшы. Ден соолуктары жакшы, сабакка болгон кызыгуусу да жакшы. Үйдөн ата-энелер маалы менен тамактандырса, витаминге бай жашылча-жемиштерди көп колдонсо, таза кармашса”.

Анара Мааметова