"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Оорудан сактануу үчүн дарыгерлер кеңеш берет

24 Октябрь 2021 жыл 0:44
Көрүүлөрдүн саны: 222

Нова клиниканын дарыгери Эрмек Исмаиловдун айтымына караганда, азыркы учурда ковид эмес сасык тумоо өрчүп турган мезгил. Ковиддин саны азайып баратат. Бирок, ковид эч жакка кеткен жок, алдын алуу максатында эмдөөдөн өтсө болот. Бет капты кийип, социалдык аралыкты сактап, эл чогулган жерге барбаганга аракет жасоо керек. Ушул эрежелер сакталса, ковиддин алдын алууга мүмкүнчүлүк болот.

Эрмек Исмаилов

 

“Көбүрөөк сасык тумоодон сактанууну суранат элем. Көпчүлүгү ооруп жатышат. Бейтапканалардын баары толгон. Эгер ооруп жаткан болсоңуз, үй шартында дарыланып, эч жакка чыкпаганга аракет кылыңыз. Себеби, башкаларга жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Алдын алуу үчүн иммунитетти кармаш керек, витаминди ичиш керек. Андан соң гана жакшы болуп кетесиздер”,-дейт дарыгер Э.Исмаилов.

Ал эми Асель Акымбаева, врач эпидемиолог жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси оорудан сактануу боюнча төмөндөгүдөй кеңешин берди:

Асель Акымбаева, врач эпидемиолог, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси

«Вирус түз байланышта, жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда аба аркылуу, ошондой эле вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көзгө, мурунга, оозго) кол тийгизүү аркылуу жугат. Коронавирус буюм-тайымдардын беттеринде бир канча сааттарга чейин жашай алат, бирок аны жөнөкөй эле дезинфекциялоочу каражаттар жок кыла алат. Диабет жана жүрөк оорулары сыяктуу өнөкөт оорулары бар улгайган адамдар, коронавирустун оор симптомдорунун өрчүү тобокелчилигине көбүрөөк дуушар болушат».

Сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 менен ооруп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

Колду самын менен жана таза сууга тез-тезден жууп тургула. Эгерде самын жана суу жеткиликсиз болсо, колду жууганга арналган спирт камтылган дезинфекциялоочу каражатты пайдалангыла.
Дем алуу жолдорунун гигиенасы – кездемеге же чыканактын бүгүлгөн жерине жөтөлгүлө жана чүчкүргүлө.

 

Анара Мааметова