"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Медайым: “Оорунун алдын- алуунун бирден бир жолу эмдөөдөн өтүү”

29 Октябрь 2021 жыл 13:32
Көрүүлөрдүн саны: 312

Кара-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн маалыматында ковид-19 илдетинин 4-толкунун алдын алуу боюнча 18жаштан жогоркуларга эмдөө жүрүп жатат. 6 жаштан жогоркуларга гриппке каршы гриппол вакцинасы сайылып жатат.

Айылдын медайымы 6 жаштан жогоркуларга гриппол вакцинасын сайып жатат

“Эмдөө вакцинасы боюнча азыр элдин көз карашы, мурдагыгыга караганда түшүнүп калышты. 1-2-дозаларын алып жатышат. Кабыл алуулары жакшы, вакцинадан кийин эч нерсе байкалган жок. Эгер 4-толкун болуп калса даярдыктар. Айыл өкмөт тарабынан күндүзгү стационар ачуу үчун жууркан, төшөк, керебеттер даярдалган”-дейт Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнун медайымы Гүлзарида Жыргалбек кызы.


Анара Мааметова