"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Дарыгер: Гриппол вакцинасы коронавирустан сактай албайт

4 Ноябрь 2021 жыл 21:43
Көрүүлөрдүн саны: 230

Сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук вирустук оорулар күз-кыш мезгилинде көбөйө баштайт, башкача айтканда бул оорулардын сезону болуп саналат. Бул оору менен көбүнесе иммунитети төмөн, өнөкөт оору менен ооруган адамдар, жаш балдар жана улгайган адамдар жабыркашат деген пикирди адистер айтышууда.

Сасык тумоо оорусу менен ооруп калса жана өз убагында дарыланбаса көп учурда оор түрүнө өтүп кетет дагы тамак (тонзиллит), кулак (отит), өпкө (бронхит, пневмония) ооруларынын кабылдоосуна алып келет. Ошол себептен сасык тумоо оорусуна каршы Республика боюнча күз мезгилинде жылда Гриппол вакцинасы менен эмдөөлөр жүргүзүлүп турат.

 

Кимдер эмдөө ала алат.
Жаш балдар 5 жашка чейин, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндө жашагандар,медицина кызматкерлери, улгайган адамдар алса болот. Эмдөө ала тургандар жашаган жери боюнча үй бүлөөлүк дарыгерине кайрылса болот.

Гриппол вакцинасы— Россия мамлекетинен чыккан. Вакцина алгандан кийин реакциялар катталган эмес. Азыркы учурда вакцина жөнүндө туура эмес маалыматтар айтылууда, алардын баары туура эмес.

Гриппол вакцинасы- Бул эмдөө жыл сайын эле жүргүзүлүп,азыркы күндө вакцина сайылып бүттү. Грипп оорусуна каршы вакцина. Ковидден сактабайт, ковиддин өзүнүн вакцинасын алуу зарыл. Бул туурасында Асель Акымбаева, врач эпидемиолог жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси билдирди.

 

 

Анара Мааметова