"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Борбордук көчөлөр кеңейтиле баштады

6 Ноябрь 2021 жыл 12:42
Көрүүлөрдүн саны: 261

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүндөгү Абдыманап Кыдыршаев көчөсүнүн Булуң жана Чалдовар аймактарында бак-даракдар архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирилип, жөө адамдар жүрүүчү жолдор кеңейтилди. Айыл өкмөт тарабынан колдоого алынып, курулуш иштери жүргүзулдү.Борбордук көчө болгонуна байланыштуу жаш балдарга, жашоочуларга коопсуздук болбошу үчүн тротуар салынды.


Тогуз-Торо райондук Эмгек жана социалдык башкармалыгы, Сары-Булуң айыл аймагы менен биргеликте борбордук көчөлөрүнө тротура салуу үчүн курулуш иштерине аз-камсыз үй-бүлөлөр жумушка тартылды.Долбоордун көмөгү менен иштеген айыл тургундардын эмгек акысына азык түлүк-түрүндө төлөнүп берилет дейт Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова.
“Борбордук көчөнүн жолдору кеңейтилип, бак-дарактар алынып, дубалдар көчүрүлүп,анын ордуна 400 метрден көчөнүн эки жагына 800метрлик тротуар салынды.Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк долбоору аркылуу Кара-Суу айылында борбордук көчөлөрүнүн 2жагына 800метр аллея тротуар салынды.Тротуарга 52 адам жумушка тартылып, эмгек акысына ун май алышат”.


Ал эми айыл тургуну Гүлзада Сатаровага кайрылганыбызда оюн төмөнкүчө билдирди:
“Мурдагыга караганда жакшы болду.Мисалы, балам кыймылдуу болгондуктан, мектептен тосуп келчимин.Азыр жакшы аллея менен келгиле деп эртең менен кетип жатканда эскертип турам.Көңүлүм ток, эл үчүн да жакшы болуп калды.Айыл өкмөткө рахмат, демилге көтөрүп,бүтүрүп жатканына”-дейт Г.Сатарова


Борбордук көчөлөрдү кеңейтүү үчүн курулуш иштерине иштеген Токтогазы Бөрүбаев айыл үчүн керектүү жумуш бүткөрүлүп жатат.Азыр элге да жакшы, мен үчүн пайда болду.Анткени, мен жумушсуз болуп, үйдө отурчумун.Бул курулуш иштерине иштеп, үй-бүлөмө бир аз киреше таап алдым.

Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Анара Мааметова