"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда жалпы элдик жыйын болуп өттү

9 Ноябрь 2021 жыл 15:41
Көрүүлөрдүн саны: 282

Т.Мойдунов атындагы № 1 Макмал жалпы билим берүү орто мектебинин жыйындар залында залында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов жана айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан жыйындар болду.Райондо жана айыл өкмөттөрүндө аткарылып жаткан иштер тууралуу 5 айыл өкмөт башчылары маалыматтарды беришти.Райондун тургундары мекеме кызматкерлерине суроолорун узатып, тиешелүү жоопторун ала алышты.

Жалпы элдик жыйындын көрүнүшү

Аталган жыйынга катышкан айыл тургуну Жапараалы Казыбаевге кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:

Сүрөттө Жапараалы Казыбаев суроо берип жатат

“Бүгүнкү иш чарада айыл өкмөттөр аткарылган иштери туралуу малымат беришти.Атап айтсам, курулуш иштери, таза-суу көйгөйү, көчөлөрдү оңдоо боюнча көмүр жана жол маселеси туралуу айтышты.Бүтпөй келген Чет-Булак айылындагы мектеп бүтпөй келген, жакын арада бүтөөрүн айтып,баса белгилешти.Мен өзүм экология боюнча суроо бердим.Эндик жана сасык матал өсүмдүктөрду түп тамырынан жулуп кетип жаттышат. Бүгүнкү күндо жоголуп кетүү жоголуп кетүү коркунучунда турат.Бул суроомо экологдон жооп алдым”.

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы  Марлис Олжотоев: «Бүгүнкү иш чарада райондук администрация башчысы-аким жана айыл өкмөт башчылары, аймактардагы аткарылган иштери тууралу маалымат бердик.  Айыл өкмөт башчы болуп шайлангандан баштап, ушул күнгө чейинки аткарылган иштер: атап айтсам  ички жолдордун ондолушу, суу түтүктөрдүн орнотулушу, каналдарга суу чыгаруу, сугат суу менен камсыз болгонун,  Сары-Булун айыл өкмөтүнүн эски имаратын чатырын жаңылоо, талапка ылайык каалга терезелерин алмаштырылганын, мектептердин кышка даярдыгы боюнча, инвестициянын тартылышы  боюнча жалпы маалымат бердим. Жергиликтүү тургундар тарабынан кызыктырган суроо-талаптарына жоопторду алышты»;-айыл өкмөт башчы М.Олжотоев

Сүрөттө: Тогуз-Торо райондук администрациясынын орун басары Гүлжамал Султангазиева, аким Мирлан Карагулов, биринчи орун басары Дамир Тагайбек уулу, райондун активисти Урмат Токтожумаев                    Трибунада Сары-Булуң айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев маалымат берүүдө

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Анара Мааметова