"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Ковид учурунда мурункуга караганда эки эсе кыйналып иштеп жатабыз

11 Ноябрь 2021 жыл 0:41
Көрүүлөрдүн саны: 262

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Аяткан Шеримбекова 43жылдык эмгек стажы менен жергиликтүү айылдык ФАПында иштеп келе жатат. Иштериндеги көйгөйлөрү бар экенин маектешип жатканда билдирди.

Толугураак, бул видеодон угуңуз:

“Иштеримде тоскоолдуктар, кыйынчылыктар бар, ошого карабастан, бардыгын аткарууга аракет кылып жатам. Көйгөйүм, эмгек акыбыз, ФАПтын кызматкерлерикадимки врач катары иштейбиз. Элдин суроо-талаптарын, түнкү чакырууларга барабыз.
Бирок, айлыктарыбыз көтөрүлгөндө, өткөндө биздики 50% көтөрүлдү деп атат. Биздики андай болбой калды. Себеби, 30% участкада иштеген айлыгыбыз бар эле, аныбызды алып туруп, 20% пайыз эле кошулду. Врачтардын айлыктары 100% көбөйдү. Бизге чындыгында айлык жагынан туура эмес болуп калды деп эсептейм.”

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Аяткан Шеримбекова

“Чындыгында жумуш оор, баардык түйшүктүн баарына жооп беребиз. Төрөлгөн баладан баштап 80-90-жаштагы адамдардын өмүрүнө чейин баардыгына жооп беребиз. Кыйын кырдаалда иштеп жатабыз.
Анан, мен ошол Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Жогорку Кенештин депутаттарынан суранат элем. Медайымдардыкын эле врачтар менен кошо эле көбөйтүп койсо жакшы болмок. Биз мурун иштеп жүргөн кездерде бирдей эле көбөйчү. Азыр көп проценттерибизди алып салган. Бирок, таттал жерде иштеп жатабыз. Ковид учурунда абдан ушунчалык оор, мурункуга караганда 2эсе кыйынчылыкта иштеп жатабыз.

Быйылкы жылы дарыгерлер мугалимдерге акча кошулат деп телевизордон айтып жатат. Медайымдар канчалык жумуштарды аткарып, кыйынчылыктарды аткарып, тең тайлашып, иштеп жатабыз. Менин оюмча дарыгерлер дегенден кийин врачтар, медайымдар деп экиге бөлбөй эле, чогуу эле айлык акыны кошо турган болсо баарыбызга бирдей, айлык акыга кошсо деген үмүтүм бар. Андан сырткары, санитаркаларга да арзыбаган акча кошулду.

Санитаркалардын жумуштары оор, аларсыз биздин жумушубуз алдыга жылбайт. Бизге жардам берип, кошо жүрөт. Эмдөөлөргө чакырып берип жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар, эмдөө учурунда туура эмес көз карашта болуп, бизге сайбагыла деп үйлөрүнөн кууп чыккандар болду. Ошого карабастан, элдин ден-соолугу үчүн күрөшүп жаткандыктан, бизге көз салып койсо деген ойдомун.

 

Анара Мааметова