"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Атай айыл өкмөтү: Фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди

23 Ноябрь 2021 жыл 18:51
Көрүүлөрдүн саны: 313

Атай айыл өкмөтүнүн Карл-Маркс айылындагы фельдшердик-акушердик пункт имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Ал үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп, кошумча стимгрант аркылуу каржыланды. Бул туурасында Атай айыл өкмөтүнүн мурдагы айыл өкмөт башчысы Бакдөөлөт Бобукеев билдирди.

Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:

Жаңы бүткөрүлгөн ФАПтын ачылышынан бир көрүнүш

Сүрөттө: Атай айыл өкмөтүнүн мурдагы жана учурдагы айыл өкмөт башчылары, райондун акими, депутаттар, жергиликтүү айыл тургундары,райондон келген коноктор

“2017-жылдан бери долбоор сметасын түзгөнбүз.Андан кийин каржы булагын таппай жүрдүк.Арабдарга да сунуштап көрдүк.Акырында стим грант менен өткөрдүк. 3 миллион сомдук долбоор болчу негизинен. 2 млн 700 миң сомду стим грант берди. Өздүк салымды кийинки айыл өкмөт таап берди.Тогуз-Торо, Казарман фондунан алып берди. Калганын бардыгын мамлекеттин акчасынан келди. Долбоор негизинен 2020-жылы жазылган”.

Атай айыл өкмөтүнүн учурдагы айыл өкмөт башчысы Аскер Жаңыбаев

Атай айыл өкмөтүнүн учурдагы айыл өкмөт башчысы Аскер Жаңыбаев биз буга чейин айыл өкмөт болуп иштебесек деле, ушул айылдын тургуну катары, мурунку айыл өкмөт башчысы Бакдөөлөт Бобукеев менен ФАПты салалы деп максат коюп, аракет кылып келгенбиз. Быйылкы жылы планга киргизилген деп кошумчалады.

“Биз келгенде баштала элек болчу, утуп алган фирма менен сүйлөшүп, эртерээк баштаңыз деп, ошону баштатып, бүтүшүнө аракет кылдык. Кудайга шүгүр, ачылышын кылдык.ФАП 7бөлмөдөн турат. Ичинде врачтын кабинети, кабыл алуу, узи бар. Ичи кенен, жылуулугу менен чогуу, заманбап болуп бүттү.Ушул ФАП элдин мүдөөсүн аткарып, эл келип, кан басымын текшерип, элге пайдасы тийсин деп аракет кылдык”.

Карл-Маркс айылынын фельдшери Роза Саралаева

Ал эми Карл-Маркс айылынын фельдшери Роза Саралаева 2000-жылдан бери эл кызматында. Анын айтымында буга чейин айылда ФАП салынган эмес.Эски мектептин бир бөлмөсүндө иштеп келишкен. Жогорку жактагы мекемелерге кат менен кайрылып жүрүп, 2017-жылы чечимин чыгартып, 2018-жылы долбоор жазылган. Бүгүнкү күндө ФАПтын бүткөрүлүп, ишке берилип жатканына терең кубанычта экенин баса белгилеп өттү.

“Көптөгөн салымдарын кошкон тургундарга, жаңы айыл өкмөтүбүз Аскер Жаңыбаевге, демөөрчү болгон балдарга, өзүмдүн атынан ыраазычылык билдирем.Ушундай заманбап ФАПка ээ болуп отурабыз.Мына бүгүн иш күнүбүздү ушул жактан баштап, бейтаптарыбыз кенен, жарык комнатада ийнелерин алып, сүйүнүчтөрүн жашыра албай, бизге ыраазычылык билдирип жатышат”.
Ал эми айыл тургундары ФАПтын салынышы эң ириде адамдардын ден-соолугу үчүн маанилүү экенин баса белгилеп кетишти:

Жаңы бүткөрүлгөн ФАПтан тургундары ийнелерин сайдырып, жардам алышууда

Азыр жаңы салынган ФАП талапка ылайыктуу, жылуу, ысык суусу бар.Мурунку ФАП мектептин бир бурчунда бир кабинетинде жайгашып, ичи муздак, талапка ылайыксыз болчу.
Акшоола Эрмекова: Мен Карл-Маркс айылынын тургунумун.Биздин ФАП сонун, ийнелерибизди алып жатабыз.Элибиздин, өзүмдүн атыман ыраазычылык билдирем.

Эскерте кетсек 2020-жылдын жыйынтыгы менен Атай айыл өкмөтү “Эң мыкты айыл өкмөтү” жана 2-даражадагы 1миллион сом акчалай сыйлыгы менен КРнын Президенти Садыр Жапаров тарабынан сыйланган.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.                               

 Анара Мааметова