"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Оорунун алдын- алууда туура маалыматты жеткирүү маанилүү

8 Декабрь 2021 жыл 21:33
Көрүүлөрдүн саны: 272

Акыркы жылдары ВИЧ/СПИД дартына чалдыккандардын негизги бөлүгү болууда. Андыктан жаштарга бул дарт тууралуу кенен маалымат жеткирүү актуалдуу болууда. Оорулардын алдын алуу жана ден-соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Анара Атыканова ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат берди.

Бул оорудан сактануунун бирден бир жолу туралуу маалыматка эгедер болуу. Жаш карылар арасында бул оору туурасында ал эмне деген дарт экендигин, андан кантип сактаныш керектигин билбегендер көп кездешет.

Оорулардын алдын алуу жана ден-соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Анара Атыканова

ВИЧСПИД деген эмне? Бул тууралуу түшүндүрүп өтсөңүз…
ВИЧ- адамдын иммундук жетишсиздик вирусу, ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД оорусу деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ адамдын организминде пайда болгондон тартып, СПИДге өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып, он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин ал организмде билинбей жүрө берет. Ал эми СПИД-иммундук жетишсиздик оорусунун синдрому болуп эсептелинет. Ал адам баласына гана таандык, коркунучтуу, жаңы жаралган жугуштуу оорулардын бири.

Бул дарт адамга кандай жолдор менен жугуп калат?
ВИЧ-организмдеги белгилүү бир суюктардын курамында болот. Кан, сперма, сүт бездеринде кездешет. ВИЧ төмөнкү жолдор менен жугат: жыныстык катнашта, кан алмаштырганда, тазаланбаган медициналык аспаптарды колдонгондо, организмге кан куйганда, кош бойлуу учурунда энеден балага, эмизгенде жана төрөттөн жугушу ыктымал. Ал эми сасык тумоо сыяктуу аба аркылуу жугушу мүмкүн эмес. Өбүшкөндө, кол кармашканда, кучакташканда, бир идиш-аяк колдонгондо, бассейнге түшкөндө, чогуу тамактанганда, коомдук транспортто каттоодо, жалпы дааратканалардан жукпайт.

Негизинен, ВИЧ-СПИД инфекциясы, көбүнчө кандай жолдор аркылуу таркалууда?
ВИЧ-инфекциясы негизинен баңгизат, сойкулук, оорулуу энеден наристеге өтүү аркылуу таралууда. Бул илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү 20-39 жаштагы адамдар түзөт.
Ал эми СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот?
Ар бир адам кандайдыр бир белгилерден улам ВИЧке чалдыкканын аныктай албайт. Бирок, ошентсе да медицинада СПИДдин ар кандай белгилери аныкталган. Алар, салмактын дароо азайып кетиши, кургак жөтөлдүн пайда болушу, дене табынын жогорулашы, уйкусуроо, ич өтүү, депрессия, стресс болушу мүмкүн. Бирок, мындай белгилерди байкаган соң дароо ВИЧ-инфекциясы бар экен деген түшүнүк болбош керек. ВИЧ анализ аркылуу лабораториялык тестирлөө менен гана аныкталат.

Бул дартка кабылгандар көбүнесе кайсы куракта?
Мындай дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү жаштар болгондугу өкүндүрөт. Ошондуктан, мектеп жашындагы өспүрүмдөргө илдеттин кооптуулугун таанытуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. ВИЧ илдети бул бир гана медицина кызматкерлеринин иши эмес. Буга жалпы коомчулук бирге күрөшүү зарыл. Анын ичинен ар бир адам, өз ден-соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, тазалык, туура жүрүм-турум эрежелерин сактап, сергек жашоого умтулушу зарыл.

СПИД оорусун алдын-алуу тууралуу талкуу болду
Анара Мааметова