"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Сovid-19га каршы эмдөөлөр жөнүндө маалымат

8 Декабрь 2021 жыл 22:00
Көрүүлөрдүн саны: 262

Тогуз-Торо району боюнча Covid-19 оорусу 2020-жылы 73 учур, 2021-жылдын 11 айында 109 учур оору катталган. Пневмония оорусу 2020-жылы 89 учур, 2021-жылдын 11 айына 17 учур катталган.

Райондо ооруну алдын алуу максатында эмдөө иштери биринчи жолу 2021-жылы апрель айында башталган. Анда Кытай мамлекетинин Синофарм вакцинасы менен камсыз болуп 1-декабрь 2021-жылга чейин жалпы 10600 доза келген, 1- доза менен 4738 адам, 2- доза менен 3492 адам эмделди.

Бүгүнкү күндө 930 доза вакцина калды жана эмдөө уланууда, вакцинанын 2 дозасын тең алуу, өтө маанилүү, Бул тууралуу Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова маалымат берди.

1-декабрь 2021-жылдан баштап районго Пфайзер вакцинасы 1170 доза келди, эффективдүүлүгү 95 %, Америкалык фармкомпаниялардан чыгарылган. Астразенека 100 доза келди, эффективдүүлүгү 70%, Великобританияда чыгарылган.

Пфайзер жана Астразенека вакциналары менен кимдер эмделет:
Өспүрүмдөр: 16-18 жаштагылар.
Кош бойлуу аялдар: 22 жумадан жогору.
Бала эмизген аялдар.
60 жана андан жогору жаштагылар.
Чет мамлекеттерге чыга турган жарандар эмделет.

Иммунитетти бекемдөө максатында бустердик эмдөөдөн — кошумча доза менен кимдер эмделет:
60 жана андан жогору жаштагылар, мурун Синофарм вакцинасынын 2 дозасын алган болсо.
Коронавирус оорусу жугуу коркунучу бар адамдар:
Медицина кызматкерлери, синофарм вакцинасы 2 дозасын алган болсо.
Коронавирус оорусу менен ооругандар- 6 айдан кийин, кайрадан кошумча 2 доза алса болот.

Эмдөөнү кимдер албайт:
Дарыларга же вакциналарга реакция же анафилактический шок берген адамдар.
Дене табы жогору болуп, ооруп турган адамдар.
Кан оорулары менен ооруган адамдар.
Covid-19 оорусу менен ооруганына 6 ай боло элек адамдар ала албайт.

Анара Мааметова