"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Багуучусунан айрылган балдардын пенсиясы жогорулатылды

9 Декабрь 2021 жыл 21:21
Көрүүлөрдүн саны: 254

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрь айындагы жарлыгынын негизинде Тогуз-Торо райондук башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 1-октябрь айынан тартып пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүнө жогорулатуу боюнча пенсияларды кайрадан эсептөөлөр жүргүзүлдү.


“Социалдык фондунун Тогуз-Торо райондук башкармалыгы тарабынан кайрадан эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча жашоо минумумунан аз калган пенсионерлерге базалык бөлүгүнө 8% өлчөмүндө 500 сомдон жогору пенсиянын өлчөмдөрү жогорулатылган.
Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнун өлчөмүнө жогорулатуу боюнча мурун базалык бөлүгү 1293 сом болсо, көбөйгөндөн кийин базалык бөлүгү 1500сом өлчөмүндө жеткирилген. Азыркы учурда райондук коэффициент эсепке алуу менен (1500*1,45) базалык бөлүгү 2175сомду түзгөн.

2021-жылдын 1-октябрь айына карата баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгү бир балага 882 сомго көбөйгөндүгүн билдирем” дейт Социалдык фондунун Тогуз-Торо райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Чокморов.

Анара Мааметова