"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Оорунун алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү

14 Декабрь 2021 жыл 23:08
Көрүүлөрдүн саны: 975

Эмдөөлөрдүн бардыгы эле- негизинен вакциналардын жардамы менен организмде жугуштуу ооруларга каршы иммунитет жаратуу максатында жүргүзүлөт. Башкача айтканда жугуштуу ооруларды вакцинанын жардамы менен башкаруу деп түшүнсөк болот.

Эмдөөлөрдүн жардамы менен дүйнө жүзүндө чечек (натуральная оспа) оорусу жок кылынган. Акыркы жылдарда Кыргызстанда массалык эмдөөлөрдүн натыйжасында балдар арасында шал-полиомиелит, кызамык- корь, кызылча- краснуха, дифтерия, коклюш, сарыктын В түрү, столбняк оорулары катталбай калган.
Бул туурасында Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова билдирди.

Жакынкы жылдарда эле ротовирусная вакцина менен эмдөө башталгандан бери жаш балдар арасында ич өткөк оорулары кескин азайган.

Ошондуктан жугуштуу оорулардын алдын алуу, өлүм учурларын азайтуу, эпидемияны жок кылуу үчүн- эмдөөнүн, вакцинанын жардамы адам баласынын, керек болсо үй жаныбардардын ден соолугу үчүн эң маанилүү экендигин көрүп, билип жүрөбүз. Тилекке каршы айрым ишенбестик көрсөткөн адамдарга, такталбаган маалыматтарга ишенип, коомубузда- вакцинага каршы болгон жарандардын болгону өкүндүрөт. Ар бир атуул өзүнүн жана жакындарынын ден соолугу үчүн- жоопкерчиликтүү экендигибизди эсибизден чыгарбайлы. Бирөөгө зыяныбыз тийбесин дейли.

Анара Мааметова