"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Пенсияга чыгуунун шарттары

14 Декабрь 2021 жыл 21:37
Көрүүлөрдүн саны: 599

Кыргыз Республикасынын 29-ноябрь 2021-жылдагы Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү № 142 Мыйзамына ылайык пенсияга чыга алат. Кыргызстан боюнча мыйзамдын негизинде жалпы курагы менен эркектер — 63 жашта, аялдар — 58 жашта пенсияга чыгат, биздин район оор шарттагы алыскы район болгондуктан эркектер — 60 жашта, аялдар — 55 жашта чыгат, эркектердин 25- жылдык эмгек стажысы, аялдардын 20 жыл эмгек стажысы болуш керек, мындан сырткары 5 — бала жана андан жогору балдары болсо аялдар — 50 жашта 25 — жыл эмгек стажысы, бийик тоолуу айылдарда жашаган эркектер 55-жашта, аялдар 45- жашта, эркектердин 20- жылдык эмгек стажысы, аялдардын 15 жыл эмгек стажысы жана үч баласы болсо пенсияга чыга алат.

Ошондой эле 1-тизме, 2-тизме деген категориялар менен женилдетилген шартта пенсияга чыкса болот, муну менен комбинатта зыяндуу оор шартта иштегендер, тоодо жер алдында шахталарда иштегендер чыга алат.
Пенсияга чыгып жаткан адамдар арызы менен кошо төмөндөгү гана документтерди беришет:
— паспорт,
— эмгек китепчеси,
-1996-жылга чейин иштеген болсо эмгек акысы тууралуу тактама. (ошондой эле эркектер дипломдун, аскердик билеттин көчүрмөсү, аялдар балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн тапшырышат).
“ Калган документтерди социалдык фонд башкармалыгы даярдайт. Ошондой эле пенсияга чыга турган камсыздандырылган адам пенсия курагына жеткенге чейин 6 ай мурда курагы боюнча, анын ичинде женилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берип, кайрылууга укуктуу.
Социалдык фонд пенсия даярдагандан кийин 1 айдын ичинде пенсия алуучуга пенсия дайындалгандыгы тууралуу протоколду берет. Пенсиянын өлчөмүнө макул болбогон учурда, пенсия алуучу пенсия дайындоо үчүн документтерге баа берүү үчүн Социалдык фонддун кайрылууга укуктуу”дейт Тогуз-Торо райондук башкармалыгынын
пенсия чектөө жана жарандарды кабыл
алуу бөлүмүнүн башкы адиси Жанаркүл Чапкынчиева.

Анара Мааметова