"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Коронавирус илдетине каршы эмдөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

14 Декабрь 2021 жыл 22:45
Көрүүлөрдүн саны: 719

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Гүлжамал Султангазиева, А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун директору Дурия Абдылдаева, райондук ооруларды алдын алуу борборунун башкы врачы Асем Садырова жана башка медициналык кызматкерлери жер-жерлерде жергиликтүү калк менен, ошондой эле анын ичинен 16 жаштан жогорку мектеп окуучулары менен эмдөө иштери боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.

Жер жерлерде эмдөөдөн өтүү боюнча жергиликтүү калк менен жолугушуулар өткөрүлүүдө

Ушул күнгө чейин райондо Кытай мамлекетинен чыгарылган Синофарм вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүп келген. Ал эми бүгүнкү күндө районго Великобританиянын Астра Зенека жана Американын Пфайзер вакцинасы алынып келди. 16 жаштан жогорку балдарга, кош бойлуу аялдарга, бала эмизгендерге Пфайзер вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлөт. Ошондой эле, каалоочулар эмдөө алганда жогорудагы аталган үч вакцинанын бирин тандап алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Дин кызматкерлеринин эмдөөдөн өтүүсү боюнча А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун директору Дурия Абдылдаева маалымат берүүдө

Ал эми дин кызматкерлеринин эмдөөдөн өтүүсү боюнча А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун директору Дурия Абдылдаева жана райондук ооруларды алдын алуу жана МСЭК борборунун башкы врачы Асем Садыровалар коронавирус оорусуна каршы эмдөө боюнча маалыматтар берилип,суроолорго жооп беришти.

 

“Бүткүл дүйнө саламаттык сактоо уюму жаңы этапты баштады. 16жаштан баштап эмдөө киргизди. Жакында эле акыркы айларда Казарман айылында 3эмчектеги бала ковид менен ооруду. Ковид менен чоң адамдар гана ооруйт деген жаңылыштык. Ковид тез таркайт, анан өпкө жабыркайт. Күрөшүүнүн бирден бир жолу-эмдөөдөн өтүү. Эмдөөнү 80-90пайызга жеткире албасак, адамдын организмине кирип, коомдо жашап, кайрадан башка вирустар пайда болуп жатат. Андыктан Пфайзер, Астразенека келген. Оорукананын эмдөө пунктунан барып алсаңыздар болот. Кош бойлуулар 22 жумадан ойдо, бала эмизген аялдар, 16 -18 жаштагыларды эмдөөгө катыштырып бериниздер”,-дейт райондук ооруларды алдын алуу жана борборунун башкы дарыгери А.Садырова.

Анара Мааметова