"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жаңы келген вакциналар тууралуу дарыгерлер кеңеш берет

19 Декабрь 2021 жыл 21:48
Көрүүлөрдүн саны: 1011

«Пфайзер, Астразенека эң жакшы вакциналардын бири. Себеби, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан уруксат берилген. Башында бай мамлекеттер сатып алып жаткан. Жеткирүү убактысы созулгандыктан, бул вакциналар бизге келбей жатты. АКШнын элчиси тарабынан аракет кылгандын жардамы менен бул вакциналар бизге келип калды»,-дейт «Нова клиниканын» дарыгери Эрмек Исмаилов.

Эрмек Исмаилов

Пфайзер вакцинасы- кош бойлуу, бала бала эмизген аялдар алса болот. Эч кандай кооптуу эмес, эмчек аркылуу балага зыяндуулугу жок, тескерисинче иммунитет пайда болот. Бул боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, аныкталып жатты. Бүгүнкү күндө вакцинага ишенбестик жаратып жаткандыктан, биздин жараандарыбыз албай жатышат. Вакцинаны сөзсүз түрдө алууну сунуштайм. Себеби, дуйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ал вакцинаны алса болот деген сунуштар бар.
Ал эми Асель Акымбаева, врач эпидемиолог жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси вакциналар боюнча төмөндөгүдөй кеңешин берди:

Пфайзер вакцинасы менен 16 жаштан жогорку курактагы адамдардын баары эмдөөдөн өтө алышат.
Боюнда бар аялдар 22 жумадан баштап өтүшсө болот.
«Эмчек эмизген аялдар бардык убакта ала беришет, балага эч кандай таасирин тийгизбейт вакцина. Жаңы төрөгөн аялдарды мынча күндөн кийин эмдеш керек деген кагаз жок, өзүнүн абалына жараша эмдөөдөн өтө берсе болот».

 

Анара Мааметова