"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо эпидемиологиялык абал кандай?

15 Январь 2022 жыл 20:48
Көрүүлөрдүн саны: 1054

Бүгүнкү күндө республика боюнча абал курчуп баратат. Бишкек шаары кызыл зонага кирди. Биздин райондо 3адам ковид менен катталды. Анын ичинен 2 адам Бишкекте ооруканада, 1 адам үйүндө дарыланып жатышат. Тогуз-Торо районундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова билдирди.

Тогуз-Торо районундагы санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова

«Эмдөө солгундап калды. Ковидке каршы эмдөө 1-доза 2-доза аткарылды. Баш тарткандар болгондуктан район эмдөөнүн көрсөткүчү 70% жете албай жатабыз. Вакциндин түрү менен камсыз кылынды. Кытай вакцинги Вероселл, Американыкы Пфайзер, Великобританияныкы Астразенека бар.

Эмдөө алчулар каалаган вакциндерин алса болот.
1-эмдөө- 5222 58% 2-эмдөө 3922 44% түзүүдө. Эмдөөнү мамлекет 16жаштан жогоркуларды, бала эмизгендерди, боюнда бар аялдарга 22жумадан жогоркуларга Пфайзер менен эмдөө киргизилген. Кошумча доза 2021-жылы 20-декабрда башталган. Медиктер, 60 жаштан жогоркуларга, каалоочу жарандар алса болот.»

 

Анара Мааметова