"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Омикрон деген эмне?

21 Январь 2022 жыл 0:34
Көрүүлөрдүн саны: 1026

2021-жылдын ноябрь айында Түштүк Африкада Ковид-19дун жаны мутациаланган штаммы табылып, «омикрон» деп аталды. Коронавирустун бул түрү 4-7 эсе бат тарап, ото жугуштуу экени белгилуу болду. Окумуштуулар омикрон алгач иммунитети начар адамда же ВИЧ илдети менен ооруган адамда пайда болгон деп эсептеп жатышат. Азыркы учурда бул штамм дүйнө жүзүнө өтө тездик менен жайылып кеткендиктен, кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилип жатат. Бул жаңы вариант «жеңилирээк» өтөт деген ойго алдырып, аны көз жаздымда калтырбоо керек.Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Асель Акымбаева кененирээк токтолду.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Асель Акымбаева

Азыркы учурда ооруканага түшкөндөрдүн баардыгы эмдөөдөн өтпөгөндөр жана өнөкөт оорулары бар адамдар. Анткени эгерде вирусту жугузуп алгандардын саны көбөйүп кетсе, алардын аз гана бөлүгү катуу ооруп кала турган болсо, анда ооруканаларга түшкөн бейтаптар дагы көбөйөт жана саламаттыкты сактоо системасына күч келиши мүмкүн.
Симптомдору кандай?
Омикрон штаммынын симптомдору сасык тумоо же курч кармаган вирустук инфекциянын белгилерине окшош. Алгач бир-эки күн алсырап, адам өзүн начар сезип, температура көтоөрүлүп, чыйрыгып, андан соң башы ооруп, муундары сыздап, булчуңдары ооруйт. Кээ бирлериники тамагы кычышса, башкаларда кургак жөтөл башталат, мурду бүтөлүп, суу куюлушу мүмкүн. Бирок коронавирустун мурунку түрлөрүндө кездешкен даам, жыт сезүү сезимдери жоголбойт. Мына ушул сыяктуу белгилер байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып, үй-бүлөлүк дарыгерге же 118 телефонуна билдирүү керек.

Жумушка, коомдук жайларга баруудан алыс болушу абзел.Себеби адам ооруп баштаганда вирустар дем алуу органдарынын клеткаларында абдан тез көбөйө баштайт дагы, чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө айлана чөйрөгө көп сандаган вирустар таркайт. Ошондуктан эгерде ооруп калсаңыз төмөндөгү эрежелерди аткарыңыз:
Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз.
Үй-бүлөңүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны    4 саат сайын алмаштыруунуз зарыл.
Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл.
«Жөтөлүү этикетин» сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз, мурунду кагаз бет аарчы менен жабып чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл.
Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин)
Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруңуздар.
Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу.
Өз алдынча дарыланууга болбойт– дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
Суюктукту (суу,компот) көп ичүү
Башка өнөкөт оорулар боюнча дарыланууну улантыңыз (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары, бронхиалдык астма ж.б.).
Абалыңарга байкоо жүргүзгүлө:
Абалга байкоо жүргүзүү:
►Дененин табын өлчөп тургула.
►Кан тамырдын кагышына көз салгыла
►Дем кыстыгуунун/жөтөлдүн пайда болушуна же күчөшүнө көңүл бургула. Эгерде абалыңыз начарлап бара жатса, сөзсүз дарыгеринизге чалыңыз.
Ковид-19 илдетинен сактануунун эң негизги жолу бул-эмдөөдөн өтүү.
Анара Мааметова