"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Дарыгер: Омикрондун белгилери кадимки сасык тумоого окшош

23 Январь 2022 жыл 11:39
Көрүүлөрдүн саны: 1408

Өтө тез жайылганы менен айырмалануучу «омикрон» штаммы алгач былтыр ноябрда Түштүк Африкада аныкталган, ошондон бери ондогон өлкөлөргө тарады. Кыргызстанда да бул штамм катталганы 12-январда белгилүү болду.Нова клиниканын дарыгери Эрмек Исмаилов санитардык эрежелерди сактаганы менен жардам бербей жатканын билдирет. Ошондуктан,омикрон штамынын сактануунун жолу бул бир гана эмдөөдөн өтүү. Эмдөөдөн өткөн адам жеңил түрүндө өткөрүшү ыктымал деген оюн билдирди

Толугураак,аудиодон угуңуз


Омикрон штамы башкаларга салыштырмалуу кооптуу, бул тез жайылып жатканы.Мисалы: дельта штам, альфа штамдары бир адамдан үч-төрт адамга жуктурса, омикрон штамы он адамга жугуп калышы мүмкүн.Ошондуктан, бул кооптуу жактардын бирөөсү. Эмне үчүн бел тез жайылуу, кооптуу болушу мүмкүн. Бул деген биз ата-энелерибизге омикрон штамынын жуктуруп, алар ошол оор формада өткөнү коопту болот.

Башка штамдарга караганда Омикрон штамы жеңилирээк өтөт.Бирок, жайылышы мен айткандай тезирээк.Белгилери бул кадимки сасык тумоого окшош, гриппке, жөтөл, жыт сезүүнүн жоготушу.Мурдун бүтүшү, мурундун агуусу, дене табынын жогорулашы, сөөктөрдун оорушу.
Омикрон штамынын сактануунун жолу бул бир гана эмдөөдөн өтүү.Эмдөөдөн өткөн адам жеңил түрүндө өткөрүшү ыктымал.Албетте, дагы кошумча бет кап тагуу, аралыкты сактоо, бирок тилекке каршы бул аракеттер жардам бербей жатат.Ошондуктан эң башкысы эмдөө алса, ошол туура болот, башка жол жок.
Анара Мааметова