"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Кургак учукту бирге жеңебиз

27 Март 2022 жыл 23:16
Көрүүлөрдүн саны: 3189

А. Жакишов атындагы райондук жалпы дарыгерлер бөлүмүнүн жана райондук ооруларды алдын алуу жана МСЭК борборунун медицина кызматкерлери “24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү” күнүнө карата маалымат беришти.

Тогуз-Торо районунун медицина кызматкерлери кургак учук боюнча маалымат беришти

 

Учурда районубузда кургак учук оорусу менен 73 бейтап каттоодо турат, анын ичинен чоң кишилер -67, балдар -4, өспүрүмдөр-2. 2021-жылга 16 оору жаңы табылып, анын ичинен жугуштуу түрү-2. Бүгүнкү күнү кургак учук оорусу менен дарыланып жаткандар-9 адам, анын ичинен 4 адам дарыга туруктуу түрү менен оорушат.

А. Жакишов атындагы райондук жалпы дарыгерлер бөлүмүнүн үй-бүлөлүк дарыгери Гүлнара Мамбеталиева кургак учук оорусу туралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:
Кургак учуктун жугуу жолдору:
Жөтөлүү, дем алуу органдары аркылуу, сүйлөшкөндө.
Оорунун белгилери:
2жумадан ашык жөтөлүү, түнкүсүн тердөө,арыктоо, алсыроо, тамакка болгон табиттин жоголушу,темпратуранын жоголушу,кан түкүрү ушул белгилер байкалса, сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу зарыл.

Анара Мааметова