"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кош бойлуу жана бала эмизген энелер эмдөөдөн өтүштү

28 Март 2022 жыл 23:18
Көрүүлөрдүн саны: 3489

Бүгүнкү күндө 22 жумадан жогору кош бойлуулар, бала эмизген аялдарга Пфайзер вакцинасына уруксат берилип, вакцина алып жатышат. Бул туурасында Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн медайымы Гулбара Бектур кызы.


“Мындан сырткары Пфайзер вакцинасы менен 16 жаштан 18жаштагы жогорку курактагы адамдар, баары эмдөөдөн өтө алышат. Башка адамдарга Синонофарм вакцинасы сайыла баштаган.

Синонофарм вакцинасы

Боюнда бар аялдар 22 жумадан өткөндөн кийин вакцина алат. Эмчек эмизген аялдар бардык убакта ала беришет, балага эч кандай таасирин тийгизбейт вакцина”, -дейт айылдын медайымы Гулбара Бектур кызы.

Пфайзер вакцинасын алган Кара-Суу айылдын тургуну,бала эмизген Бактыгүл Турдукожоевага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
“Жаңы келген вакцинанын 1-2-дозасын алдым. Эч кандай, өзгөрүүлөр байкалган жок. Абалым жакшы эле. Эми 4айдан кийин 3-дозасы сайыларын айылдын медайымдары айтышты”.

Анара Мааметова