"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Видео: Тогуз-Торо FM жамааттык радиосу ачылды

21 Май 2022 жыл 16:36
Көрүүлөрдүн саны: 2977

Ачылышка Deutsche Welle Академиясынын Борбордук Азиядагы координатору Лидия Ранерт, Жамааттык ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова, kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова, Сорос-Кыргызстан фондунун өкүлдөрү Тынымгүл Эшиева жана Салима Капар, Журналисттер коомдук бирикмесинин өкүлү Марат Токоев жана Тогуз-Торо райондук администрация башчысы аким Мирлан Карагулов анын орун басары Гүлжамал Султангазиева, айыл өкмөт башчылары жана айыл тургундары катышышты.

Толугураак, видеодон көрүнүз:

 

«Тогуз-Торо» FM” жамааттык радио 105.1 толкунунда Тогуз-Торо районунда тартат. Радионун башкы максаты жергиликтүү тургундарга өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берүү жана айыл калкынын аймактагы маанилүү маселелер боюнча маалымдуулугун жакшыртуу.

«Тогуз-Торо FM” жамааттык радиосу Deutsche Welle Академиясынын колдоосу менен ачылган.