"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аудио: “Тынчтык балдардын көзү менен” аттуу сүрөт конкурсу болуп өттү

9 Июнь 2022 жыл 19:01
Көрүүлөрдүн саны: 3336

Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү бөлүмү, Каргалык айыл өкмөтү менен биргеликте уюштурулган иш чарада жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды

Толугураак, аудио сюжеттен угуңуз:

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү, 13 жалпы билим берүү мектебинин директорлору жана мугалимдер жамааты тарабынан көмөк көрсөтүлдү.

Сурөт сынагында төмөнкү темаларда сүрөттөр тартылды:
• биз башкабыз, бирок биз биргебиз;
• тынчтык балдардын көзү менен;
• биз зордук-зомбулукка каршыбыз.

Сынактын максаты: Элдердин тилектештик, достук сезимин чыңдоо. Зордук-зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жашоо сезимдерин бекемдөө болду.

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси «Ынтымактуу аймак — жаштардын келечеги» долбоорунун негизинде уюштурду.