"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Велосипедчен эсепчи айым

31 Июль 2022 жыл 1:52
Көрүүлөрдүн саны: 3698

Тогуз-Торо райондук билим берүү уюмунда бухгалтер болуп эмгектенген Дамира Токтогонова. 40 мүнөттүк жөө барып иштеген жумушуна 8-10 мүнөттө велосипед тээп барып, убактысы үнөмдөлүп калганын айтат. Андан тышкары экологияга да терс таасир келтирбегенге аракет кылып, 5 жылдан бери велосипед менен ишке барып келет. 

Бул подкасты төмөндө уга аласыз:

 

“Мен дагы айыл жеринде “Эл эмне дейт”деген сөздөн улам, тартынып келдим. Бир күнү велосипед тепсем, тааныштарым, ырас тээп алган турбайсыңбы дегенде гана эл туура кабыл алат экен деген ишеним пайда болду. Акыркы 5 жылдан бери велосипед тээп, эл арасынан чыгып калдым.

Түштөнүүдөн кийин Дамира Токтогонова велосипед менен жумушуна келди

Үйүм, иштеген жеримен 1,5 км алыстыкта жайгашкан. 40 мүнөттүк жөө барган жумушума, велосипед менен 8-10 мүнөттө барып, убактым үнөмдөлдү.

Назгүл Шадыбекова