"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Жергиликтүү коомчулуктуу колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоору старт алды

18 Август 2022 жыл 2:22
Көрүүлөрдүн саны: 3526

Тогуз-Торо районунда Арис уюмунун аткаруучу CASA 1000. Бул долбоорго жалпы 150 айыл аймак кирип, биринчи циклда 50 айыл аймагында долбоордук иш аракеттер башталып, ал эми 2-циклда жалпы 3 облустан калган 100 айыл аймагында өз ишин баштады. Бул долбоорго Тогуз-Торо районунун 5 айыл аймагы да толугу менен кирген.

Толугураак, видео сюжеттен көрүңүз

Аталган долбоор тарабынан долбоорду ишке ашыруу мезгилинде районго же башкача айтканда 5 айыл аймагына жалпы суммасы 390000 АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат.
Тегерек столго райондук мамлекеттик администрация өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеӊештин өкүлдөрү, тийиштүү мекеме-уюмдар, коомдук уюмдар, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Долбоордун максаты: “CASA-1000” электр чубалгыларын бойлото жайгашкан максаттуу облустарда кызмат көрсөтүүлөрдү, жашоо каражат булактарды жана коомчулуктун катышуусун жакшыртуу максатында социалдык жана экономикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу болуп саналат.

Раиса Акылтай кызы