"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң аймагында 5 курулуш иши бүткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү

27 Октябрь 2022 жыл 1:08
Көрүүлөрдүн саны: 2844

Кичи футбол аянтчасы, мал дарылоочу жай, ФАП, эс алуучу жайлардын курулушу аяктап, ачылыш аземи өткөрүлдү. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, медициналык кызматкерлер, райондон келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Курулуш иштерине салым кошкон айрым тургундарга, Сары-Булуң айыл өкмөтү тарабынан “Ыраазылык кат” тапшырылды. Мындан сырткары, келген меймандарга айылдын таланттуулары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Анара Мааметова