"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Көмүрдү туура сактайлы

31 Октябрь 2022 жыл 17:55
Көрүүлөрдүн саны: 2767

Урматтуу Тогуз-Торо районунун жарандары, кадимки эле биз от жагуу, жылытуу үчүн колдонгон көмүр өзүнөн-өзү күйүү касиетине ээ. Көпчүлүк учурда майда же нымдуу көмүр өзүнөн-өзү күйөт. Бул туурасында Тогуз-Торо району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык Коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы капитан Мирбек Шергазиев билдирди.

Көмүрдүн өзүнөн-өзү күйүүсү кычкылтек менен өз ара кычкылдануу реакциясы (адсорбция) жүрүп, узак убакытка жүргөн химиялык реакциялардын натыйжасында көмүрдүн температурасы жогорулап (80-90°С) кетишинен улам келип чыгат.

2021-жылда облус аймагындагы бир катар мамлекеттик мекемелерде, социалдык обьектилерде, мектептерде, балдар бакчаларында кышкы от жагуу мезгилине карата сатылып алынып, кампада сакталып турган жеринде көмүр өзүнөн-өзү ызып, түтөп, күйгөн фактылар катталган.
Алсак, Сузак районунун Төш айылындагы №97 А.Сабитов мектебинде, Сузак районунун Арал айылындагы № 36 Гафур Гулам мектебинде, Жалал-Абад шаарында 1 аптеканын, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын, Сузак районундагы 1 балдар бакчасынын, Чаткал районундагы 1 мектептин көмүр кампасында сакталган көмүр ызып, өзүнөн-өзү түтөгөн фактылар катталган.
Мындан тышкары, Сузак районунун Сузак айыл аймагынын имаратында да болжолдуу көмүрдүн өзүнөн-өзү ызып күйүүсүнөн улам, өрт катталып, өрттүн натыйжасында көмүр сактоочу кампа жана андагы 20 тн. көмүр, айыл өкмөтүнүн имараты жабыркаган.
Ал эми, жыл башынан бери акыркы 1 ай ичинде Токтогул районунда 1 мектепте, Тогуз-Торо районунда 1 мектепте кышка камдалган көмүр ызып, өзүнөн-өзү күйгөн.

Көмүрдүн өзүнөн-өзү күйүүсүн алдын алуу максатында төмөнкү көмүрдү сактоо шарттары аткарылышы зарыл:
Кампага киргизилүүчү көмүр ным болбошу керек.
Көмүр сактоочу жайдагы көмүргө күн нуру тийбөөсү керек.
Көмүр сактоочу жайда көмүр менен кошо жыгач, кагаз жана башка күйүүчү заттардын калдыктары сакталбаш керек.
Түрдүү сорттогу, ошондой эле, жаңы көмүр менен эски көмүрдү аралаштырып сактабоо керек.
көмүрдү жылуулук бөлүп чыгаруучу жер астындагы коммуникациялардын, курулмалардын үстүндө сактабоо керек.

Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин Тогуз-Торо району боюнча бөлүмү кышкы от жагууга камдалган көмүрдүн өзүнөн-өзү күйүүсүн алдын алуу максатында жогорудагы көмүрдү сактоо эрежелерин так сактоону эскертет.

Анара Мааметова