"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Практикасын чет өлкөдө өтүүнү кыялданган Диана

23 Февраль 2023 жыл 20:58
Көрүүлөрдүн саны: 935

Диана Кенжебекова Тогуз-Торо районунун Казарман айылында чоңойгон. Ал 2-курста эле чет жерге барып, практика өтүүнү максат койгон. Учурда Германиянын Саксония — Анхальт аймагында чоң сыр заводдордун биринде, өз кесиби боюнча профессионалдык практика өтүп жатат.


Университетте окуп жүргөндө, 2-курсту аяктап жатканда, бизди Кыргызстан ичиндеги завод фабрикаларга өндүрүштүк практикага жиберишет. Ошол маалда Кыргызстанга эмес Европа мамлекеттерине агрардык сфера өнүккөн жерге барып, өндүрүштүк практика өтүүнү максат кылган. Ошентип, 2019-жылы Германияга сыр заводдон келип, практикасын өткөн соң дагы да келүүнү кыялданган:


-Бул жакта завод-фабрика көп экенин көрүп, агрардык сфера өнүккөнүн көрүп, айыл-чарба азыктарын кайра иштетип, өнүгүү жагын көрүп суктангангам. Окуумду аяктагандан кийин ушул жакка иштесем деп кыялданып кеткем.Кыргызстанга баргандан кийин окуумду аяктап, тилимди жакшыртып, анан аракет кыла баштадым.

-Универстетти аяктап, карьерамдын биринчи тепкичинен жаңыдан көтөрүлүп баштаган учурум.Германияда өз кесибим менен башка тилде иштеп жатканым деле мен үчүн жетишкендик деп эсептейм.Эң биринчиден, кыялданыш керек деп эсептейм.Коркпой эле пландарды коюп, ошол көбүрөөк кыялданыш керек.Кыялданып жүрө бербей, максатка айландырып, күндө аракет кылып, талыкпастан эмгектенип, алдыга умтулуу керек. Мен ийгиликтерге жетиш үчүн тилди үйрөнүшүм керек болчу. Күндө 15 мүнөт болсо убакыт бөлүп, аракет кылдым.Талыкпай, аракет кылып, убактымды тил үйрөнүүгө арнагам.Ийгиликтин сыры, талыкпай аракет кылуу,эмгектенүү деп эсептейм.


Эгерде чет жакка чыгып, билим алып, стажировка өтүп, Кыргызстанга барып, салымымды кошом деген жаштарга, тил үйрөнүү керектигин баса белгилейт.
— Мектеп окуучуларынын убактылары көп болгон учур, тилди үйрөнүп, окууну аяктаганга чейин бир тилде эркин сүйлөп калсаңар,эң сонун мүмкүнчүлүк.
— Англис тилин үйрөнүп, эркин сүйлөп калсаңар, баардык дүйнө жүзүндө талаада калбайсыңар, жашап кетсе болот.

 Өзү окуган кесиби тууралуу кеңештери менен да бөлүшүп кетти:
—  Азыркы учурда мүмкүнчүлүктөр бар.Мектепти аяктагандан кийин мендей болуп, Кыргызстанда бакалаврды аяктап, бул жакка иштегенге келсе болот.

— Мен Бишкектеги Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү факультетин бүтүргөн. Кесибим тамак-аш технологу. Европадан практика өтүп келсем же Европаны кыдырып көргүм келет дегендер болсо ушул универстетти сунуштайт элем.


—  Себеби, мүмкүнчүлүктөр бар, мисалы мен экинчи курсту аяктаганда университетимдин жардамы менен Германияга биринчи жолу келип, Европаны кыдырып кеткем. Германия Агрардык өлкө болгондуктан Агрардык университет менен кызматташат. Бүтүргөн студенттер Германияга келип иштешсе болот.

Анара Мааметова