Тогуз-Торо райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана банктын кардарлары катышып, райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Дамир Тагайбек уулу жана Карыялар кеңешинин төрагасы Жапаралы Казыбаевдер кызыл тасмасын кесишти

«РСК Банкынын» Казармандагы филиалын жетекчиси Бактыбек Аманов
Жаңы имаратта бирдиктүү терезе уюштурулуп, кошумча штаттар ачылып, кызматкерлердин саны көбөйүп, электрондук кезек менен кардарларды тейлөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Ошондой эле кошумча дагы бир банкомат орнотулуп калкка кызмат көрсөтө баштады.

Эскерте кетсек,»РСК Банкынын» Казармандагы филиалын Бактыбек Аманов 2017-жылдан бери жетектейт
Анара Мааметова