"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Интеллектуалдык таймаш болуп өттү

9 Май 2023 жыл 0:12
Көрүүлөрдүн саны: 328

Тогуз-Торо районунун №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим беруучу орто мектебинде тарых сабагынын мугалими Айзат Артылбек кызынын уюштуруусу менен 9-10-11-класстар арасында таймашы болуп, катышкан окуучулар «Жаш тарыхчы» номинациясы үчүн ат салышты.

9-10-11-класстар арасында таймашы болуп, катышкан окуучулар «Жаш тарыхчы» номинациясы үчүн ат салышты

Бул туурасында Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Айзат Артылбек кызы билдирди:

Тест, тарыхый инсандар жана персонаж, хронологиялык жарыш деген темаларда 3 тур менен өткөрүлдү.Таймашка 6 окуучу катышып,ар бир турда төмөн балл алгандар оюндан четтетилди.

Эмир Назармат уулуна «Жаш тарыхчы» номинациясын тапшыруу учуру

Жыйынтыгында эң көп балл топтогон катышуучу, жеңүүчү деп табылды. Атап айтсак, 11-класстын окуучусу Назармат уулу Эмир «Жаш тарыхчы» номинациясын женип, громата менен сыйланды.

Эвелина Жумабекова