"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: АПВга каршы эмдөө жүргүзүлдү

23 Май 2023 жыл 17:22
Көрүүлөрдүн саны: 408

Бул АПВга каршы эмдөө келечекте өспүрүм кыздарды адамдын «папиллома» вирусунан келип чыккан онкологиялык оорулардан коргойт деген айдан ачык далилдер бар болгондуктан жасалууда деген билдирүүнү адистер белгилешүүдө. Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында 11жаштан 14жашка чейинки кыздар АПВга каршы вакцинанын экинчи дозасын алышты.


Кара-Суу айылынын медайымы Гүлбара Бектур кызына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:

Кара-Суу айылынын медайымы Гүлбара Бектур

«Бул эмдөөнүн экинчи дозасын алып жатышат.Биринчисин ноябрь айында алышкан. 34 кыз бар болчу 29 кызга сайылды 5 кыздын айызы келип жаткандыгына байланыштуу сайылган жок. Вакцина 5мл дозада ийинге, булчуң ичине гана жасоого арналган. Келечекте рактын көптөгөн ооруларын алдын алуу үчүн АПВ вакцинанын азыр алуу зарыл», -деди.

Айылдын медаймы Гулбара Бектур кызы кыздарга эмдөө жүргүзүүдө

№7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 8-классынын окуучусу Айназик Урматова: «Мен бул вакцинаны башында алгым келген эмес андан кийин айылдын даарыгерлери келип маалымат беришкенден кийин ата-энемдин көзөмөлүндө ала алдым. Көптөгөн кыздар алышты баары жакшы», -деп билдирди.


Белгилей кетсек, эмдөө жыл сайын жүздөгөн аялдардын өмүрүн сактап калат.Эмдөө алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же ФАПка кайрылуу зарыл.

 Эвелина Жумабекова