"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл аймагында желим бөтөлкө салгычтар орнотулду

31 Май 2023 жыл 9:53
Көрүүлөрдүн саны: 1405

“Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, элдин эс алуусуна жагымдуу шарт түзүлдү.

Экологияга кам көрүү максатында Сары-Булуң айыл аймагынын коомдук жайларына, спорт аянтчаларына жана эл эс алуучу жайларына желим бөтөлкө салгычтар орнотулуп камсыздалды.

Айыл өкмөттүн имаратынын алдында желим бөтөлкө салгычтар коюлган

Бул туурасында Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев билдирди.

 

Эвелина Жумабекова