"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Балдардын үй-бүлөлүк чөйрөгө укуктарын илгерилетүү долбоорун ишке ашырууда

31 Май 2023 жыл 21:35
Көрүүлөрдүн саны: 2247

«Балачак институту» КФ «Тогуз-Торо районундагы балдардын үй-бүлөлүк чөйрөгө укуктарын илгерилетүү боюнча 6 айлык маалыматтык кампания» долбоорун ишке ашырууда,«Жарандык катышуу» фонду (Кыргызстан) тарабынан каржыланууда.

Долбоор КРнын Балдар кодексине жана БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык баланын үй-бүлөгө болгон укугун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик саясатка альтернативдик камкордук-фостердик үй-бүлөнү уюштуруу жагынан Кыргызстандын алыскы жана тоолуу аймагы Тогуз-Торо районунда ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарга көмөк көрсөтөт.

Долбоордун алкагында балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн адистери маалыматтык — жарнамалык кампанияны өткөрүү механизми,багып алуучу ата-эне болуу үчүн потенциалдуу талапкерлерди тандоо боюнча окутулат.

Аталган механизм эл аралык тажрыйбага негизделген жана Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында «Балалык институту» КФ тарабынан апробациядан өткөрүлгөн.

Маалыматтык — жарнак кампаниясын уюштуруу боюнча 3 күндүк тренинг 31-майдан 2-июнга чейин Казарман айылында өткөрүлөт
Долбоордун жыйынтыгында ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарды үй-бүлөгө кабыл алуу үчүн Тогуз-Торо районуна багып алуучу ата-энелерге талапкерлер дайындалат.

Эвелина Жумабекова