"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Элеттик айымдар салттуу кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп киреше табууда

8 Июль 2023 жыл 18:53
Көрүүлөрдүн саны: 1972

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын жумушсуз айымдары “Эл ичи-өнөр кенчи” долбоорунун алкагында окуулардан өтүп киреше табуу жолдорун өздөштүрүүдө. Долбоордун максаты жумушсуздукту жоюудан башка салттуу кол өнөрчүлүктү муундан муунга үйрөтүү.

Долбоорго катышкан 60 аял

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Аялдар Кеңешинин төрайымы Венера Эпеева элеттеги айымдарды коомчулукка аралаштыруу ар кандай жол менен үй-бүлөсүнө киреше алып келүү үчүн долбоорду демилгелеп ишке ашырууда. Эпееванын айтымында аялдардын жумушсуздугу экономикалык жана үй -бүлөлүк зордук зомбулукка алып келет:

“Бул долбоорду жазуунун максаты салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдө кичүү ишмердүүлүктү түзүү , кол өнөрчүлүктүн түрүнө муктаж болгон турмуштун оор кырдаалына кабылган аялдарды жана жаштарды салттуу кол өнөрчүлүккө окутуп үйрөтүү, алардын экономикалык муктаждыктарын чечүү максатында ушул долбоорду жазып анан иштедик.
Долбоорду ишке ашырууда негизги кыйынчылыктар көп болду. Негизи долбоорду ишке ашырууда биз 120 аялды Каргалык жана Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөттөрүнөн окутабыз деп жазгам . Эки айылды окутуш өтө оор экен ,өзүнүн туруктуу имараты болбогондуктан ар кайсы жерде көчүп конуп окутуу биз үчүн өтө кыйынчылык болду. Андан сырткары биздин долбоордун жалпы суммасы 480000 сомдук болчу. Базар баасынын өтө кымбаттап кетишинен дагы биз керектүү материалдар менен камсыз кылып, кайра бир жерде туруктуу окутуудан биз кыйынчылыктарды тарттык. Эң негизги көйгөй тренерлер менен келишим тузүп окутууда да кыйынчылыктарга туш болдук.”

Долбоордун алкагында 60 аял кийиз, түймө, сувенирлерди даярдоо, жүндөн уютмаларды панолорду жасоо деп төрт багытта иш алып барылган. Долбоорго кызыккан айымдар шырдактарды, олтургучтарды, панолорду ар кандай буюмдарды сувенирлерди жасоону үйрөнүп, сатканга жетишип калышкан. Венера Эпееванын айтымында алдыда окуп үйрөнгөндөр башкаларга өздөрүнүн билгендери менен бөлүшөт:
“Долбоордун кийинки кадамы абдан жакшы болот болуш керек деп ойлоп жатабыз.Бугүнкү күндө аялдардын экономикалык муктаждыктарын чечүү негизинен эле базар экономикасы болуп калат окшойт. Ошондуктан азыраак өздөрүнүн үйүндөгү жүндөрдү , жөн таштабастан ошондон да кичинекей жакшынакай сувенирлерди жасап сатканга кызыга башташты. Айрыкча өрмөк согуу боюнча абдан жакшы кызыгуу башталып, азыр айымдар өз алдынча сого башташты. Булардын келечеги кең деп ойлойм. Бизден азыр Тогуз-Торо районунда Түндүк Түштүк альтернатива жолу дагы өткөндүгүнө байланыштуу, туризм кеңейип туристтердин келүүсү жакшы болот деген ой максаттар бар келечекте. Туристтер кызыгып келе турган бизде “Саймалуу-Таш” , “Кан-Ачуу” деген жерлерибиз бар тарыхый.”

37 жаштагы 6 баланын апасы Бактыгүл Турдукожоева бул долбоорго чейин аталган айылдын айыл өкмөтүндө жумушчу болуп эмгектенген, учурда эмгек акы төлөнбөгөн эмгек өргүүдө.Долбоорго катышуу менен киреше тапкандан сырткары өзүнүн чыныгы сүйгөн иши менен алектенип жатканын билдирди:

“Долбоорго келип калгандыгымдын себеби үйдө отургандыктан, Венера Эпеева эжекенин чакыруусу менен бардым. Ал жерге барганда менин кызыгуум кийиз тарабына өттү. Себеби кийизден шырдактарды жакшынакай сувенирлерди жасап жатышты. Бирок мен шырдак шырыганды билгендиктен, ал жагына кошула алган жокмун. Андан сырткары, жүн менен кийиздин бетине сүрөт тартып панно жасоо бар экен мага ошол абдан жаккандыктан үйрөнүп кеттим. Ушул долбоордон кийиздин бетине сүрөт тартуу кызыктуу менин жан дүйнөмө жакын темалар болуп чыкты. Себеби мен сүрөт тартканга жакынмын, сүрөт тартуу менен эс алам сүрөттүү кагаздын бетине тартуу менен эле чектелип калбастан, мен кийиздин бетине жүн менен сүрөт тартууну үйрөндүм. Аны менен эле чектелип калбастан жүндөн уютуп сүрөт тартып жасаганды, паннолорду талдырма деп коет экен ошолорду жасоону үйрөндүм. Долбоордо окуп жаткан учурда үйрөнүп ошо менен калып калбастан , мен азыркы тапта үйдөн сүрөт тартып кирешеге чыгууну үйрөнүп иштеп жатам. Азыркы учурда туристер көп келип жаткандыктан ошол сүрөттөрүбүздү сатыкка койгонго иштеп жатам.”

Долбоордун “Түймө” боюнча тренери 48 жаштагы Гүлбарчын Асанбекова үйдө олтурган жумушсуз айымдар бул долбоорго келип окуп үйрөнүү менен үй -бүлөлүк кирешеге чыгып калганын белгилейт:

“Бул долбоордо мен кыз-келиндерге “Түймө “ курсунан сабак өттүм. Кыз келиндер көксөп ушуну каяктан үйрөнөбүз деп үйрөнө албай жүргөндөргө аябай жакшы болду. Кээ бирлери инстаграмм,телеграммдан 500 сомдон акчасын төлөп курстарды окуп үйрөнүп жүрүшүптүр. Жеткиликтүү түшүнө албай жатканын билдиришти. Ар бир айымдын туура талаптагыдай үйрөнүшү мен үчүн чоң сыймык. Мен тренер катары айымдардын умтулуусун, чечкиндүүлүгүн , эрктүүлүгүн байкадым. Буга дагы убакыт бөлүп токуп, үйгө тапшырма берем аны дагы эрктүүлүк, жоопкерчилик менен аткарып келип жатышты. Баары кубанычта, түйгөн буюмдарын сатыкка чыгарып калган кези.”

“Эл ичи -өнөр кенчи” долбоору 2022-жылдын декабрь айынан бери ишке ашырылууда. Биринчи этапта жакшы натыйжаларга жеткендиктен, мындан аары кеңейтип улантуу пландалууда.

Бурулкан Кадырбекова