"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сүрөт баян: “Меридиан” пансионатында 100 гө жакын гүлдөрдүн түрү өсөт

9 Июль 2023 жыл 10:01
Көрүүлөрдүн саны: 2316

Чолпон -Ата шаарынын Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан “Меридиан” пансионатында 100 жакын гүлдүн түрү өсөт . Келген меймандарга жагымдуу маанай, жыпар жыт тартуулоо менен көнүлдөрүн көтөрүп келет. Эс алуучуларды өзгөчө роза гүлү суктандырат


Гүлдөрдүн ханышасы болгон роза гүлүнүн кызыл, кочкул кызыл, ак, сары жалпысынан 10 түрү өсөт.Роза гүлү суукка чыдамдуу анан да гүлү көпкө чейин бажырайып, жыпар жыты менен адамга эргүү тартуулайт.

Эс алуучулар гүлдөр менен сүрөткө түшкөндү жактырышат


«Жалпы эле гүлдөр аябай эмгекти талап кылат, убагы менен ото чөптөрүн отоп,суугарып дарылап турабыз.Роза гүлдөрүнүн ачып бүткөндөрүн кыйгачынан кесип турабыз,ордуна жаңы гүлдөр ачылып келген меймандарыбызга рахат тартуулайт. Роза гүлдөргө ар түрдүү зыянкеч курт кумурскалар уялап зыян келтирет. Жалбырактары саргарып оруганын көргөндө тез арада даарылап калыбына келтирем. Ысыкта эртен менен эрте сугарабыз. Көңүл буруп кароо менен кеч күзгө чейин роза гүлдөрүбүз бажырайып ачылып турат»-деп билдирди багбан .


Гүлдөр  абдан эмгекти талап кылат. Роза гүлдөргө ар түрдүү зыянкеч курт кумурскалар уялап зыян келтирип турушат.


Роза гүлдөр көп эмгекти талап кылат. Гүлдөп бүткөндөрүн ыйгачынан кесип, күн сайын эртен менен эрте сугарып турушат.
Ар дайым карап багып турган учун гүлдор кеч күзгө чейин гүлдөп турат.

Хоста гүлү

Роза гүлдөрдүн конокторго тамактанып жатканда да жыпар жытын менен энергия тартууласын деп ашканага да коюшат. 

Бурулкан Кадырбекова