"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кыздар дагы жер үлүшүн пайдаланса болот

18 Август 2023 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны: 2102

Кыргыз Өкмөтүнүн 22-август 1994-жылдагы №632 токтомунун негизинде ар бир жанга аял эркек дебей бирдей жер үлүшү бөлүнүп берилген. Баары бирдей укукка ээ болгон. Бөлүнөн жерден атасы кандай жер алса, уулу, кызы да ошондой жер үлүшү бөлүнүп берилген

Эгерде кыздар, турмушка чыгып кеткен шартта ата-энесине кыздын макулдугу менен алып калууга болот же белек кылып, сатып кетсе укугу бар экенин Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков баса белгилейт.

Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков

“Мисал үчүн сугат 0,12 сотыхдан, кайрак 0,29сотыхдан, жердин жалпы жер аянтын 25% фондко алып калып, калганын тең бөлүп берген.Аялдардын укугу эркектикиндей эле укугу бар.Эгерде жер үлүшүн сатам десе, бирөөгө белек кылып, же ижарага берем десе да болот. Кандай иштетсе өз эрки, мыйзамда каралган жер мыйзамын бузбаган тартипте сакташ керек”

Айыл тургуну Алтынбү Мааткалыкова кыздар дагы бөлүнүп берилген жер үлүшүн пайдаланып,кош бойлуу болгон учурда документ топтоп, жөлөк пул алганга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат:
“Жер үлүшүн негизи турмушка чыгып кеткен кыздар пайдаланса болот. Бирок биздин үй-бүлөдө андай пайдаланганга шарттары жок.Анткени алар иштешет өздөрү. Ошо менен кетет.Эгерде кыздарым иштебей үйдө отурса, кош бойлуу болгон учурда, бала багуу үчүн өргүүгө же жөлөк пул алганга биздин үй бүлөгө келип, үлүштүн документтерин алып барып, жөлөк пул чектеп алганга болот, мыйзамды билебиз”.

Коомдо түрдүү чечимдерди кабыл алууда калыптанып калган көз караштар таасирин тийгизет. Маселен кээ бир ата-энелер, салт боюнча кыздарга жер берилбейт деген жаңылыш пикирлер бар экенин гендердик эксперт Бакен Досалиева билдирди:

Гендердик эксперт Бакен Досалиева

“Бул болсо биринчиден салт боюнча менталитетке такап, ата-энелери азыр болсо биз сага сеп берип атабыз деп үлүш жерин бербейт, мыйзам боюнча бериш керек, ошол үлүш жерин алам десе материалдык жагынан кыйналып аткан болсо, ал дагы балдарын багыш керек да.Ошол жерин алмашып, кетсе болот, же болсо сатып, жолдошу барган жеринен, жер сатып алса болот.Бир чети мындай мыйзам бар экенин билишпейт.Көпчүлүгү билишпейт.”
Эгерде кыздар,турмушка чыгып кеткен шартта ата-энесине кыздын макулдугу менен алып калууга болот же белек кылып, сатып кетсе укугу бар.

Анара Мааметова