"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Юрист: Алимент бул атага же энеге эмес, балага берилген акча

22 Август 2023 жыл 21:36
Көрүүлөрдүн саны: 2035

Коомдо алимент төлөөдөн качкан аталар байма-бай айтылып, массалык маалымат каражаттарында да чагылдырылып келет. Бирок, серепчилер Кыргызстанда баланы багуудан баш тарткан энелердин да саны өсүп жатканын билдирип келишет

Толугураак, аудио сюжеттен кенен угуңуз:

Ал эми юрист Аймаран Тааабалдиев коомдогу бүгүнкү менталитет аталардын алимент алуусуна бейкапар мамиле кылып келет. Бирок, алимент бул атага же энеге эмес, балага берилген акча экенин түшүнүү маанилүү. Мыйзамда эркек менен аялдардын укуктары бирдей теңдештирилген дейт.

«Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодекстин ченемдерине ылайык ата-энелер, өздөрүнүн балдарына карата бирдей укукка ээ жана бирдей милдеттерди аркалашат.Эгерде атасы же энеси өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын каражат бербесе, аларды баккан каражат алимент».

Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Региондор аралык башкармалыктын сектор башчысы Акбар Эрматов алимент алуунун мыйзамдуу жолун, төмөндөгүчө билдирип кетти:

“Алимент алыштын жолу атасы же балдардын апасы тарабынан сот органдарына доо арыз менен кайрылат.Сот карап туруп анан соттук буйрук чыгарат.Соттук буйрук сот аткаруучулар тарабынан аткарылат.Бир балага 25пайыз, 2балага 30 пайыз, экиден көп болсо, 3-4 бала боло турган болсо 50 пайыз, баардык доходдон кармалат”.

Адистер, пикир келишпестик ж.б себептерден улам үй-бүлө ажырашканда балдар ар түрдүү моралдык жана материалдык жоготууларга дуушар болоорун билдирип, Үй-бүлөдөгү эки ажырымдан улам балдар жабыркабабагандай болуш керектигин кошумчалашат. Бала атасы же энеси менен калганда алимент толоочү бала учун берип жатканын жана ал милдети экенин түшүнүү маанилүү.

Анара Мааметова