"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Ар бир кесип ардактуу» деген темада жетекчилер окуучуларга ачык сабак өтүштү

2 Сентябрь 2023 жыл 21:13
Көрүүлөрдүн саны: 2165

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн Чет-Булак айылынын №8 Маатмуса Абдыжапаров орто мектебинде «1-сентябрь билим» күнү белгиленди. Саамалыкка район акими Манас Мураталиев, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Руслан Кадыров, салык башкармалыгынын башчысы Сталмамбет Абдылдаев, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты

                                         Чет-Булак айылынын №8 Маатмуса Абдыжапаров орто мектеби

Алгач мектепте 1-класстын босогосун аттаган окуучулар тарабынан майрамдык маанай тартууланды. Андан соң жетекчилер ар бир класска бөлүнүп, «Ар бир кесип ардактуу» деген темада ачык сабактарды өтүштү.

                   Райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов

Анда туура кесип тандоо, мамлекеттик, муниципалдык, кызматкер болуу, салык жыйноо, милиция кызматынын коомдогу коопсуздук жумушу жана айыл өкмөт башчысынын эл үчүн кызмат кылуу жаатында тийиштүү тармактын жетекчилери өздөрүнүн басып өткөн жолу тууралуу айтып, окуучуларды шыктандырышты.

                                                Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Руслан Кадыров

Соңунда район акими Манас Мураталиев «Окуучуларды туура кесип тандоого, кыялдарды, максаттарды бийик коюуга жана Мекен үчүн ак кызмат кылган кесипти тандоо менен жакшы окууга чакырды».
Эскерте кетсек аталган мектепте 250 окуучу билим алып, 21 окуучу 1-классты аттады.
Алдыда мектептин жанында жаңы мектептин курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Учурда жалпы район боюнча 14 мектеп бар. Анда 550 мугалим эмгектенип, 5200дөн ашуун окуучу барат. Бул жылы 509дан ашуун окуучу 1-класстын босогосун аттады.

Маалымат Элиза Акжолтоеванын өздүк баракчасынан алынды.

Анара Мааметова