Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыккан “Тундук” электрондук порталы ишке кирип, эми жарандар бул система аркылуу тейленет. Аталган электрондук системада кандай кызматтар көрсөтүлөт, системага кирүү үчүн эмнелерди кылуу керек деген сыяктуу суроолор менен Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын Сары-Булун айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Бурулсун Эрмекова жооп берди.


Түндүк порталы качантан бери иштеп баштады?
— Түндүк системасы 2018-жылдан бери азыркы учурга чейин толугу менен ишке ашырып келе жатат.
Түндүк системасынын артыкчылыгы кандай?
— Түндүк системасынын артыкчылыгы биринчиден ачык-айкындуулук болуп эсептелинет.Бул система аркылуу маалымат өтүүдө маалыматтардын аныктыгы, ишенимдүүлүгү, бүтүндүгү, жеткилүүлүгү камсыздалат. Жана ошондой эле купуялуулук дагы каралат. Жарандардын өздүгү тууралуу маалым каттарды сырткары эч ким ала албайт өзү гана колдоно алат.
Порталдын максаты кандай?
-«Түндүк» долбоорунун максаты, мамлекеттик органдарда башкаруунун натыйжалуулугунун жогорулатуу,коррупцияны олуттуу түрдө азайтуу жана автоматташтыруу, жарандардын жана ишкерлердин бюрократиялык тоскоолдуктарын азайтуу жана ишенимдүү маалыматтарды алууну, мамлекеттик кызматтарды сапаттуу жана ыкчам алууну камсыз кылуу.
Портал менен жарандар кандай кызматтарды ала алышат?
-Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат алуу
-Кыргыз Республикасынын аймагындагы соттолбогондугу жонундо маалымат алуу үчүн арыз берүү
-Никеге туруу жөнүндө маалыматтар
-Даректик маалымдама бюросунан маалымат берүү
-Айыл чарба малынын болушу жонундо маалымат беруу
-Пенсиялык топтоолор(топтолмо пенсиялык фонд)жөнүндө маалымат
-Салык карызынын бар же жок экендигин текшерүү
-Транспорт каражаты тууралуу маалыматтар(айып салуулардын бардыгы)
-Транспортко салык төлөө боюнча маалымат
-Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиниши жөнүндө маалымат(эмгек акы жонундо маалымат)
-’’Балага суйунчуу’’ жөлөк пулун алууга табыштама берүү
-’’Түндүк’’ тутуму боюнча 19 мамлекеттик органдан башка маалыматтарды жана документтерди алуу
Система негизи бөлүк-бөлүккө бөлүнгөн.Ошолордун бирөөсүн мисал келтире турган болсок, бөлүм аркылуу кирип, ден-соолугу тууралуу маалым каттарды ден-соолук бөлүгүнө кирип, эмгекке жарамсыздык барагын алгандыгы, лабороторияга тапшырган анализдери,психикалык,наркологиялык каттоодо тургандыгы жөнүндө маалыматтарды алса болот.
Катталуу учун эмне кылуу керек?
— Катталуу учун айыл өкмөткө өздүгүн тактаган документ алып келет.Ошол катталуу учурунда купуя сөз берилет, ошол аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Эгер купуя сөздү унутуп калса кайра кирүүгө мүмкүндүк ала алабы?
— Ооба ала алат. Кайра эле порталга кирип, купуя сөзүмдү унуттум деп, өзү эле алмаштырып алса болот.
Адинай Дайырбек кызы