Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң аймагындагы Булуң участкасы таза суу менен камсыз болушту. Мурда арыктан суу ичишкен элеттиктер эми булактан таза суусун үйлөрүнө киргизип жатышат.

Жалал Абад облусунун Тогуз Торо районунун Сары булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев буга чейин суу көйгөйүн чечүү үчүн бир катар долбоорлор ишке ашканын айтып, бул жолу Катар, Кувейт өлкөлөрүнүн “Ассалам” кайрымдуулук фондун каржылап айыл элин таза суу менен камсыз болушканын билдирди:

“Булуң участкасына 1900 метр трубаларын каржылап беришти Кайра 1900 метр жерди каздырып берүү үчүн Казарман коомдук фондуна кайрылып акимибиз каздырып жана көмдүрүп берүүгө кеткен каражатты чечип берди тактап айтканда 1 метрине 240 сомдон акча кетти Булундун негизги толук кандуу калкы таза суу менен камсыз болду”
Булун аймагынын жашоочусу Керимбубу Садыралиева мурда таза сууну коңшу айылдан же арыктан ташып ичип келишкенин айтат.

“Бул айылда бала кезимен бери жашайм 62 жыл болду. Таза суудан аябай эле кыйналдык. Өмүр бою эле суунун азабын тарттык жетпей.Буга чейин жеке демилге менен коншубуз Чотуров Бегимбай өз күчү, өз каражаты менен элге суу чыгарып берген. Үч жылдан бери, ошол сууну пайдаланып келебиз. Бул суу келди бирок толук кандуу уйго киргизе элекбиз. Мурункуга караганда кыйла жакшы.”
Долбоордун каржылоосунда ар бр тургундун короосуна чейин суу жетти. Ал эми өз короосуна өз каражаты менен киргизип алышы керек. Бул иштерди уюштурууда жаштар арасынан чыккан активист Нурболот Тойчубек уулу колго алган:
“Элдин түйшүгүн моюнга алуу оор деле эмес. өзүмдүн көңүлүм менен болду. Тоскоолдуктар албетте болду, жол менен казганга уруксат бербей коюп кээ бир жерлерди кол менен казганга туура келди. Элдин колдоосу жакшы болуп жатты, элдин күчү менен бүттү.”
Белгилей кетсек, Сары булуң айыл өмөтү боюнча 80 пайыз эл таза суу менен камсыз болду.
Даярдаган: Дилбар Сейитбекова, Бактыгүл Турдукожоева