Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында мурда спорт зал жок болчу. 5жылдан бери салынып жаткан жаны спорт зал октябрда колдонууга берилгени жатат.

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директордун милдетин аткарган Жылдыз Молдобаева спорт зал бардык талаптарга ылайык курулуп жатканын белгилеп, бүткөн соң баардык спорттук жабдулар кошо келерин кошумчалады:

“Мурда спорт зал жоктугуна байланыштуу окуучулар эшикте аянтчада валейбол,баскетбол оюндарын ойношчу. Эми спорт зал бутуп калса дене- тарбия сабагын залда өткөрүп калышты №7 Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин спорт залы 2013- жылы курулуп баштаган.2013-ж башталып,2018-ж колдонууга берилген, беш жыл аралыгында курулуп бүтүп жатат. Спорт зал Республикалык бюджет тарабынан каржыланды .Жалал-Абад “Оссо” строитель тарабынан утулуп алынган спорт залга 53млн 700мин сом каралган. Жаңы спорт зал азыркы заман талабына жооп берет, абдан жакшы салынып жатат, баардык шарттары каралып жатат. Спорт зал 250 балага ылайыкташып салынууда.”

Аталган мектептин дене-тарбия сабагынын мугалими Данияр Бердибеков спорт залдын болгону балдарды спортко шыктандыраарын билдирди:

“Спорт зал болгону көп мааниге ээ болот, спорт зал бул адамга түрткү болуп эсептелет.Спорт зал болгону менен болбогондун көп айырмасы бар.Спорт зал бул окуучуларга мисал үчүн кыялдарын ишке ашырууга шарт түзүп берет.Башка окуучулар менен тең тайлашып ойноого,башка жактарга чыгып резултат көргөзүүгө мүмкүнчүлүк берет.Спорт зал бүткөндөн кийин валейбол, баскетбол, тогуз коргоол деген оюндар өтүлөт. Мен азыр жаңы келип аткан учурум, буга чейинки мектепте валейбол,футбол,баскетбол оюндары уюштурулуп келе жаткан.Район аралык лигаларга катышчубуз,1-2-орундарга жетише элекпиз,бирок азыркы учурда местага илинет деп умут кылып жатабыз.Спорт зал бүтсө көбүнчө кружокторду өтүлөт,окуучуларды жакшы результат көргөзүүгө аракет кылабыз.”

Бул жылы Таштемир Сатыбалдиев мектебинин тегери тозулуп, алдына брусчатка төшөлүп, даараткана салынып жатат.
Айгүл Имамаметова, Альбина Назарматова