"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кабарчылар үчүн 2 күндүк окуутуу болду

21 Сентябрь 2023 жыл 22:42
Көрүүлөрдүн саны: 2594

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин журналисти Айгерим Кубатбекова Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң аймагында жайгашкан»Тогуз-Торо ФМ» Жамааттык үналгысынын кабарчылары үчүн семинар өттү

                                                                              Окутуу учурунда

2 күндүк семинарда кабарчылар kyrgyzmedia.kg сайтынын стандарттары, макала жазуу, текст менен иштөө, ошондой эле түз эфир алып баруу боюнча билим алышты. Жамааттык медианын журналисти, алып баруучусу Айгерим Кубатбекова “Тогуз-Торо Fm” радиосунун ыктыярчыларына, кабарчыларына семинар өттү.

 

Анын алкагында кабарчылар түз эфир өткөрүү, сайтка материал даярдоонү өздөштүрө алышты.Кабарчылар теориялык билимдерди гана албастан практика жүзүндө дагы иш алып барышты.

                        Алган билимдин негизинде практика жүзундө түз эфирге чыгышты

“Тогуз-Торо ФМ” радиосунун алып баруучусу Дилбар Сейитбекова 5айдан бери радиого кызыгып, түз эфирлерди алып баштаган.Түз эфир алып баруу боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнгөнүн айтты:

                                                   Дилбар Сейитбекова

“Мен эки күндүк окуу да көп нерселерди билдим. Мисалы кантип жаңылык жазып сайтка чыгаруу, жаңылыкты канткенде маңыздуу жазышты үйрөндүм. Түз эфирде эмнелерге маани беришти жана келген конокко кандай суроо түзүштү үйрөндүм. Келген конокко атмосфераны жагымдуу түзүп берсек, ал дагы болгон сөз чеберчилигин колдонуп төкпөй чачпай айтып, кенен маек берет экен”

Ал ыктыярчы Айгул Имамаметова интервью алуунун, маекти жазып алуунун жолдорун үйрөнгөнүн айтат:

Окуудан мен кантип кабарды туура жазганды үйрөндум.Интервью алып жатканда өзүңдү кантип туура алып жүрүштү үйрөттү. Түз эфирге чыкканда каарман менен сүйлөшкөндө кандай суроолорду берүү керек.Сабак аябай кызыктуу өттү мага аябай жакты, эң башкысы көп нерсени билдим

Ал эми тренигге жаңы катышып жаткан Асема Бектемирова кайрылганыбызда оюн төмөндөгүчө билдирди:


“Мен 2 күндүк тренингде өзүмө көп нерсе ала алдым десем жаңылышпайм . Тренингде кызыктуу оюндар жана сабактар болду. Эфирге чыгуу канчалык жеңил көрүнгөнү менен биринчи эфир өтө оор экенин билдим”

Жамааттык ЖКМлар Бирлиги аймактардагы мультимедиалык борборлорго жана үналгыларга колдоо көргөзүп келет.

Аталган иш-чараны дагы Жамааттык ЖМКлар бирлиги менен биргеликте Интерньюстун «Аймактардагы журналисттерди колдоо» долбоорунун алкагында колдоого алынды.

Тогуз-Торо жамааттык үналгысы аймактагы көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди чагылдырып келебиз. Бизди 105.1 жыштыгынан угуп жана социалдык медиадагы баракчаларыбыз аркылуу көрө аласысыздар.

Анара Мааметова