"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Үй тиричилик жумуштарын үй-бүлө мүчөлөрү бөлүп жасаш керек

22 Сентябрь 2023 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны: 2598

Үй -бүлөдө кызды, уулду тарбиялоо жашообуздун бир бөлүгү. Кыздын жумушу, эркек баланын жумушу деп бөлбөстөн, үй-бүлөдөгү чектөөлөргө маани берүүбүз зарыл. Анткени чектөөлөр алардын келечегине чоң тоскоолдук жаратат

                                                                     Анара Атыканова

Казарман айылынын тургуну Анара Атыканова айтуусунда үй жумуштарыбы же сырт жумуштарыбы аны үй-бүлө мүчөлөрү бөлүшүп алып жасаса жакшы болот.

«Биздин үй-бүлөдө кыздар да, балдар да бирдей эле жумуш жасай беришет. Андай бөлүү жок.Мен деле балдарымды бөлбөйм.Сен кыздын оокатын кыл, сен эркектин оокатын кыл депчи. Кызым деле оокатын кыла берет.Балама деле үйдөгү кыздын оокатын жасатам».

Албетте, кыздардын да, балдардын да келечекте кандай адам болоруна эң ириде үй-бүлөдөгү тарбия роль ойнойт. Ал үй-бүлөсүндө улуу кыз болгондуктан, эшикке чыгып атасына,үйгө кирип апасына жардам берген учурларын айтып балалылыгын төмөнкүчө токтолду:

“Мен үй- бүлөдө улуу кыз болгондуктан кичинемден кыздын дагы, балдардын дагы оокатын кылчумун. Үй жыйнап, камыр жууруп, нан бышырып, кир жууп, бөбөктөрүмдү жуунтчумун. Ал эми эшике чыгып сиңдим экөөбүз малды сугарып, кой кайтарып, сарайды тазалап, суу ташып, отун аралап, жыйып, атам кой сойгондо шыйрагын кармап берип, машинасын оңдогондо запчасттарын алып берип кармалашып жанында болчубуз.

Ошентип биз чоноюп, студент болуп кеткенде инилерим эркек баланын жумушун жасап, кайра апама жардам берип үй жыйнап, камыр жууруп, нан бышырып, төшөк салып, жыйып, дүкөнгө барып иш кылышкан”
Анара Атыканованын айтымында үй-бүлөдөгү жумуштарды туура бөлүштүрүү менен балдар тиричилик жумуштарын билүүгө ыңгайлашат. Андыктан балдарыбызга жакшы тарбия берип, турмушка көз карашын туура өстүрүп, келечекте ийгиликтүү адамдардын катарын толуктоосуна көмөк көрсөтүү маанилүү:

“Ушундан улам менде ой калыптанган адам кандай жандайга туш болсо дагы жашоосунда оорчулук болбостон кыйналбай жашап кетет. Азыр балдарымды дагы ошондой тарбиялайм жашоодо керектүү оокатты жасап билүүгө ынгайлаштыруу. Азыркы учурда гендердик теңчилик деген жашообузда көп пропаганда болуп жатпайбы. Мен мурун эле гендердин теңчиликте жашап келиптирмин деп ойлоп калам. Адам эч кимге жана эч нерсеге көз карандысыз жасаша — демек ал эркин адам деп түшүнөм”

Анара Мааметова