Райондогу Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектеби, райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте, Каргалык айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен Отор Чопиевдин 85 жылдык мааракесине арналган эркин күрөш боюнча райондук V турнири уюштурулду

Ага Акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Анарбек Атыканов, билим берүү бөлүмүнүн жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, дене тарбия мугалимдери жана окуучулар катышты.

Мелдештин ачылышында Венера Мурзалымбекова сөз сүйлөп, спорт бул мектептер арасында достукту бекемдөөнү үндөйт. Ар бир катышуучуга жеңиштерди каалады.

Турнирге райондун мектеп окуучулары 27 кгдан 65+кг чейинки салмактагы катышуучулар күч сынашты. Жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлегендерге диплом, акчалай сыйлыктар, медаль менен сыйланышты
Анара Мааметова