"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айыл чарба тармагынын 2024-2028-жылга өнүктүрүү программасы боюнча жыйын өттү

16 Октябрь 2023 жыл 17:53
Көрүүлөрдүн саны: 2353

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында район акими Манас Мураталиев, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба тармагынын кызматкерлери жана фермерлер катышты. Жыйында райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тойгонбай Молдобаев райондун агрардык 4 багыттуу программа боюнча маалымат берди

Анда талаачылыкты жандандыруу, мал-чарбасындагы асыл тукум жылкыларды көбөйтүү, жайыт жерлердин тоютту камдоо, ирригация иштебей турган суу каналдардын ишин жандандыруу тууралуу маселерге токтолду. Мындан сырткары органикалык аймак статусун алууга болгон аракеттер тууралуу айтылды.

Аким Манас Мураталиев: өсүмдүктөрдү, тоютту жана көчөттөрдү өстүрүүдө, талаачылык боюнча дыйкандарга үрөн менен камсыздоо жана өстүрүүдө агротехникалык ыкмаларды туура пайдалануу, суугат суусун иррационалдуу пайдалуу, түшүмдү жогорулатуу, асыл тукум жылкылардын санын көбөйтүү жаатында райондук агрардык багыты тынымсыз аракеттерди көрүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Соңунда катышуучулар үрөнчүлүк, жерди айдоо, күздүк себип түшүмүн туура сактоо, өз нугунда жыйноо, көчөттөрдү багуу сыяктуу суроолорго жооп алышты.

Анара Мааметова