Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Жыл мугалими 2023” райондук, облустук турдан 1-орунду багындырган. Республикалык сынакта катышып жаткан Забида Кулубаевага Турцияга 25-октябрдан 1-ноябрга чейин эс алуу үчүн, “Жыл тарбиячысы 2023” Кубанычбек кызы Наргизага Ысык-Көлдүн “Кыргыз деңиз жээги” санаториясына алты күндүк жолдомону райондун акими Манас Мураталиев тапшырды
Мындан сырткары Забида Кулубаева республикалык деңгээлде өткөрүлгөн сынакка катышып, “Жылдын мыкты мугалими-2023” деген наамга ээ болду.

Аким Манас Мураталиев: Быйыл райондогу мугалимдерге дем -күч берүү максатында Жыл тарбиячысы 2023” Кубанычбек кызы Наргизага Ысык-Көлдүн “Кыргыз деңиз жээги” санаториясына алты күндүк жолдомо, 2023-2024-окуу жылдарында “Алтын сертификат” алган окуучуга, мугалимдерине 200 миң сом, мектебине 50 миң сом, директоруна 30 миң сом акча каражаты берилет.

Ошондой эле “Алтын тамга” артыкчылыктуу аттестатка ээ болгон окуучуларга жана мугалимдерине 50 миң сом. Республикалык олимпиададан алдыңкы орун алган окуучуларга жана мугалимине 100 миң сом шыктандыруу максатында тапшырылаарын кошумчалады.
Анара Мааметова