"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Бактылуу үй-бүлө-коомдун тиреги” аттуу көп жыл бирге түтүн булаткан түгөйлөр арасында адабий кече өттү

4 Ноябрь 2023 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны: 4927

Райондогу А.Сыдыков атындагы маданият бөлүмүндө 50 жылдан ашык түтүн булаткан жуптар арасында адабий кече болуп өттү. Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.


Иш-чара “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгына ылайык руханий баалуулуктарды, каада-салт, нарк-насилди тута билүү, келечек муундарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду, маданий баалуулуктарды аздектөө максатында уюштурулган.

Катышуучулар улуттук каада-салттарды, жөрөлгөлөрдү жаштар арасында жайылтуу максатында бешикке бөлөө, бата берүү, наристеге ат коюу жана аластоону көрсөтүп беришти.
Соңунда ар бир катышуучуга ыраазычылык баракчалары жана айыл өкмөттөрдүн сыйлуу белектери тапшырылды.

 

Даярдаган: Эвелина Жумабекова