"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Күн маек” эфири аркылуу айыл тургундары суроолорун бере алышты

24 Ноябрь 2023 жыл 21:14
Көрүүлөрдүн саны: 5704

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев
Райондук Аманкан Жакишов атындагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысынын орун басары, гинеколог Роза Абильдаева биргеликте Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосунун угуучуларына маалымат беришти

Тогуз-Торо районунда саламаттыкты сактоо тармагында элге шарт жаратуу максатында кандай иштер жаратылды?
Аким Манас Мураталиев: Тогуз-Торо районунда саламаттыкты сактоо тармагында көйгөйлөрдү карап чыгып, кийинки жылдарда чечүү пландарыбызды коюп жатабыз. 2023-жылы айыл өкмөт тарабынан ФАПтар салынды. Кийинки эң негизги максатыбыздын бири имараттарды капиталдык түздөө ремонттон өткөрүү.

                         Аким Манас Мураталиев жана оорукананын орун басары Роза Абильдаева

Медицина тармагында кадрлар жетиштүүбү?
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Азыркы учурда кадрлар жетишпейт. Өзгөчө реаниматолог андан тышкары дарыгерлер акушер, гинеколог, ренгенолог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, хирург негизинен жаш кадрлар келсе жакшы болмок. Азыркы учурда Жалал-Абад облусунан келип иштеп берип жатышат.

1айга, 2айга келип иштеген дарыгерлерге шарттар канчалык деңгээлде түзүлгөн?
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Аларды жашаган жай, коммуналдык услугалар менен камсыздап бергенбиз. Былтыркы иштеген реаниматолог ал контракттын негизинде 45миң айлык алып иштеп кетти.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө азыртадан келишим түзүп врач болом дегендерге контрагын төлөп берип кийин окуусун бүтүп айылга келип кызмат кыла тургандай кылса болот беле сиздин оюңуз кандай?
Аким Манас Мураталиев: Биз июль айында 5 жолдомо кат бердик бюджетке Тогуз-Торо районунан 3-4 окуучу өттү. Экөө менден контракт түзүп кетишти аларды колдойбуз. 10киши болсо дагы, жолдомо кат бергенге даярбыз

Жакында эле мугалимдер күнүнө карата мыкты көрсөткүч көрсөткөн мугалимдерге эс алуу жолдомолор берилди. Ошол сыяктуу медиктердин майрамына карата да өзгөрүүлөрдү киргизгениз болобу?
Аким Манас Мураталиев: 2024-жылга мугалимдерге кандай путевка болсо, дарыгерлер да ошондой болот.
Азыр ооруп жатса көп суммадагы акча төлөйт деп жатышат ошол жөнүндө да маалымат бере кетсеңиз.
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Жаңы токтом чыкты ал токтомдо өзгөрүүлөр бар. Азыр милдеттүү түрдө полис алыш керек. Эгерде ал полиси жок болуп, соматика 8400 бөлүмүнө жатып калса же хирургияда жатып калса 9170сом төлөйт. Статусу болсо анча акча төлөбөйт.

Ал статусту(полис) алыш үчүн эмне кылыш керек?
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Полюсту алыш үчүн паспорт менен бугалтерияга жиберебиз ошол жактан акчасын төлөйт дагы 5 күндөн кийин полиси келет.

Көптөгөн жылдан бери район элинде күйүүчү майга болгон маселе бар ошол бир нече жылдан бери чечилбей жатат ушул маселени чечип берсеңиз
Аким Манас Мураталиев: Азыр долбоору даяр болду биз партнёрлор менен келишим түздүк. Декабрь айларында же жаз айларында курулуп баштайт.

Эвелина Жумабекова