"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торолук Кайрат Президенттик стипендияга татыды

28 Декабрь 2023 жыл 0:46
Көрүүлөрдүн саны: 5498

Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 75 алдыңкы студенттери Президенттик стипендияга татыды.Тогуз-Торо районунун 21 жаштагы тургуну Кайрат Жолой уулу 75 алдыңкы студенттин катарын толуктады

Кайрат Жолой уулу президент Садыр Жапаровдун колунан президенттик стипендияга ээ болууда

Кайрат Жолой уулу Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 4-курсунун студенти,Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебин окуп бүтүргөн.
-Сыйлыгыңыз кут болсун.Кандай сезимде турасыз?
-Кудайга шүгүр айтам, бул миссияны аткардым, кийинки миссияга кадам таштадым. Алдыга карай кете бериш керек деген ойдомун.

Президенттик стипендияда. Кыргызстандын алдыңкы студенттери жана президент менен болгон жолугушуу кандай таасир калтырды?

Президент чыгып суйлөй баштаганда, чындап эле мен азыр президенттин алдында турамбы, деген суйунуч толкундануу сезими болду.

Мен чынында оорууганда, 9 класста, окуу жөнүндө ойлонгум деле келген эмес. Бирок мен окууда алдыңкы боло алам деп өзүм билим алууга кызыкчуумун, жеңилбей, окууну таштап койбой алдыга умтулганыма азыр эч өкүнбөйм.

Президенттик стипендияга ээ болуу үчүн аракет кылгансызбы?
-Эң маанилүү аракеттер биринчи курстан бери жасалып келүүдө.
Биринчи курстан тарта жаллаң беш деген баага гана эмес бардык сабактан максималдуу болгон 100 балды камсыздагам.
Окуудан тышкары университетте активдү болуп болгон конференцияларга катышкам. 2 илимий ишим публикацияга чыккан, бирөөсү Ташкент шаарындагы эл аралык конференцияда болгон.
Мындан сырткары өзүмдү кайрымдуулук фонддордо ыктыярчы катары катары иш чараларга катышып мыкты ыктыярчы аталып келгем.
Спорт жактан дагы ар кандай турнирлерге катышып, байгелүү орундарга жеткем
-Маегиңизге чоң рахмат!